Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:51

Бишкекте өкмөттүн “Баткенге жардам” штабы ишин токтотту


Баткендеги коогада жабыркагандарга бир топ аймактардан гуманитардык жардам келди.
Баткендеги коогада жабыркагандарга бир топ аймактардан гуманитардык жардам келди.

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайынынын алдында уюштурулган “Баткенге жардам” аттуу өкмөттүн штабынын иши жыйынтыкталды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

“Гуманитардык жардам чогултуу улантылат жана ал жер-жерлерге берилет. Бишкек шаарында гуманитардык жардам чогултуу, аны эсепке алуу жана жөнөтүүнү Бишкек шаардык мэрия координациялайт", деп айтылат маалыматта.

Өкмөт Баткендеги коогада жабыркагандарга жардам берген ишкерлерге ыраазычылык билдирди.

Чек арадагы куралдуу кагылыштан кыргыз тараптан 36 киши каза болду. 189 тургун жараат алды.

Соңку расмий маалыматка ылайык, жаңжалда 136 турак-жай толугу менен талкаланган. Анын ичинде 46сы – Баткен районунда, 93ү Лейлек районунда жайгашкан. Ошондой эле беш жалпы билим берүүчү мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала-бакча, эки милиция пункту, 24 май куюу станциясы, 60 коммерциялык объект, эки чек ара бекети жана бир клуб жараксыз абалга келген.

Дүйшөмбү жабыркагандар жана курмандыктар тууралуу расмий маалымат бере элек. “Азаттыктын” тажик кызматы өз булактарына таянып, Тажикстанда 20 киши көз жумганын, 90дой киши жарадар экенин.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG