Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:39

COVID-19: Кыргызстанда 36 миңден ашык адам вакцина алды


Кыргызстанда Кытайдын "SinoPharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат.
Кыргызстанда Кытайдын "SinoPharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат.

Соңку бир күндүн ичинде коронавируска каршы 3,5 миңден көп жаран эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады. Ага ылайык, вакцина алгандарын саны 5-майга карата 36 миң 364 адамды түздү.

Президент Садыр Жапаров 5-майдагы коомчулукка кайрылуусунда Кыргызстан изоляцияда калбашы үчүн жарандар коронавируска каршы вакцина алууга тийиш экенин айтты.

"Калкты эмдөөдөн өткөрбөсөк, пандемия шартында жарандардын ары-бери каттоосуна бөгөт болгон маселеге айланат", - деди Жапаров.

Өлкөдө коронавирус пандемиясында жалпысынан оору 97 миңдей адамга жугуп, 1600дөн көп бейтап мерт болду.

Кыргызстанда Кытайдын "SinoPharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат.

Кыргызстанга келген Кытай препараты 75 миң адамга, орус препараты 10 миң адамга жетет. Кошумча вакцина алуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Өкмөт эл аралык COVAX прогроммасынын алкагында британ-швециялык "Astra Zeneca" вакцинасы да келерин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG