Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Кошкин: Жаңгак токойлору - климаттын күзгүсү


Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жакырчылыкты кыскартуу долбоорунун өкүлү Эдит Кошкин

Германиянын эл аралык кызматташтык уюму (GIZ) Кыргызстанда токойлорду көбөйтүү жана элдин экологиялык сабаттуулугун арттыруу максатында бир катар иш-чараларды ишке ашырууда.

Аталган уюмдун Кыргызстандагы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жакырчылыкты кыскартуу долбоорунун өкүлү Эдит Кошкин Базар-Коргондогу жаңгак токойлорун калыбына келтирүү, абанын ысышынын кыргыз токойлоруна тийгизген таасири тууралуу айтып берди.

- Экологдор Кыргызстандагы токойлордун саны барган сайын азайып жатканына тынчсызданышууда. Токойлорду кыюу өлкөнүн экологиясына кандай таасир этет?

- Албетте, токойлор жалпы экология үчүн өтө манилүү роль ойнойт. Климаттык тең салмактуулукту сактап, жердин чөлгө айланып кетишине тоскоол болот. Айрыкча Кыргызстандын түштүгүндөгү жаңгак токойлорунун жергиликтүү эл үчүн мааниси зор. Жаңгак, мөмө-жемиш, козу карын, малга тоют, чөп болот.

Эл бул продукцияларды топтоп, базарга алып чыгып, кирешесин арттыра алат. Башкача айтканда, жаңгак токойлорунун айланасын байырлаган элдин кирешесинин көпчүлүк бөлүгү мал чарбачылыгынан тышкары дал ушул токойлорго байланыштуу.

Кыргызстандын жалпы аянтынын 6% токойлордон турат. Азыркы тапта мамлекеттик органдар токойлорду каттоого алууда. Мындай каттоо 2010-жылы, башкача айтканда дээрлик 10 жыл мурда жүргөн.

Дал ушул эсептөө ишке ашкандан кийин өлкөдөгү токойлорго байланыштуу чыныгы көрүнүштү байкай алабыз. Каттоону мамлекеттик мекемелер спутниктен алынган сүрөттөр, токойлорду түздөн-түз кыдыруу сыяктуу бир нече ыкма менен ишке ашырууда.

- Абанын глобалдык ысышы Кыргызстандагы токойлорго кандай таасир этти?

- Ооба, Кыргызстандагы глобалдык климаттын өзгөрүшүнүн эң эле терс таасирин мөңгүлөрдүн эришинен көрсө болот. Биздин долбоор жергиликтүү элдин климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуусуна көмөктөшүүнү көздөйт. Биз мамлекеттик органдар менен чогуу Кыргызстандын аймагындагы климаттын глобалдык өзгөрүүсүнө ыңгайлашкан, анын шарттарына туруштук бере алчу бактарды тигүү боюнча атайын көрсөтмө иштеп чыктык.

Мындай бактар кеч гүлдөп, кургак аба ырайына туруштук бере алат, ошондой эле алардын кайсынысы мол түшүм берет. Ушул жагдайлардын баарын карап чыктык. Мындай бакты өстүрүүдө ашыкча чыгымды талап кылбаган, тек гана жаңгакты чогултуп, кайра тиге турган ыкмаларды сунуштап жатабыз.

Долбоордун алкагында жергиликтүү шарттарда оңой, тез өсө турган бак-дарактын түрлөрүн тигүүгө аракет кылып жатабыз.

Токойдогу бактарга тагылган электр зымдары. Базар-Коргон.
Токойдогу бактарга тагылган электр зымдары. Базар-Коргон.

Германиянын эл аралык кызматташтык уюму бир нече жылдан бери Базар-Коргон районунда иштеп келе жатат. Ал жакта жергиликтүү эл жана биздин улуттук өнөктөшүбүз - Мамлекеттик токой чарба агенттиги менен чогуу токойлорду, жайыттарды башкаруунун туруктуу үлгүсүн иштеп чыгуу менен катар кирешесин көбөйтүү жолдорун үйрөтүп келебиз.

Биздин башкы максаттарыбыздын бири - калктын экологиялык сабаттуулугун арттыруу. Аймакта эл менен иш алып барууда аларга токойлорду туруктуу өстүрүү, сактап калуунун маанисин түшүндүрүп келебиз. 50-100 жылдан кийин алар өтө маанилүү болорун үйрөтүп жатабыз.

Экинчиден, биз мугалимдер үчүн "Туруктуу өнүгүүгө багытталган билим берүү" деген кыргыз жана орус тилинде колдонмо иштеп чыктык. Муну менен мектеп окуучуларынын да экологиялык сабаттуулугун арттырып, биотүрдүүлүктү таанытууну көздөдүк. Бул колдонмону Кыргыз билим берүү академиясы тастыктаган.


- Кыргызстандагы Бишкек, Ош, Жалал-Абад сыяктуу ири калаалардын жанында токойлор өтө аз. Бул жагдай чоң шаарлардын тургундарынын жашоосуна кандай таасир этет?

- Мен жогоруда айткандай, токойлор адамзаттын жашоосу, климаттык өзгөрүүлөр жана кыртыштын сапаты үчүн өзгөчө мааниге ээ. Токойлор көп болсо адам мыкты эс алып, дем алат. Маселен, жайында күн өтө ысыкта Бишкекте басып жүрүп, парктын жанынан өтүп калсаңыз, кадимкидей сергип каласыз да.

Быйыл кышында Бишкекте абанын булганышы жогорку деңгээлде болбодубу. Абанын температурасы да кескин ылдыйлап кетип, ыш шаардан чыкпай койду. Мен Бишкекте жашаганыма төрт жылдан ашып калды, биринчи жолу ушундай булганыч абага күбө болдум. Муну менен күрөшүүдө эмне кылыш керек? Албетте, азыраак машине айдап, көбүрөк жөө басуу зарыл.

Жайкысын велосипед тепсе болот. Бактыга жараша, былтыр шаарда велосипедчендер үчүн жолдор салына баштаганы кубандырат. Ушундай фундаменталдык багыттагы иш-чаралар көп болушу абзел.

- Кыргызстандагы биотүрдүүлүктү сактоодо, ошондой эле жер көчкү, суу каптоо сыяктуу табият кырсыктарынын алдын алууда токойлордун ролу кандай?

- Өлкөнүн түштүгүндөгү жаңгак токойлору глобалдык биотүрдүүлүктүн чордону болуп саналат. Дүйнөнүн бир да жеринде мындай жаратылышы бай токойлор жок. Кыргызстандан башка дүйнөдөгү бир да өлкөдө ушундай ири аянттагы жаңгай токоюн кезиктире албайсыз.

Андыктан, бул токойлор Кыргызстандын улуттук баалуулугу эле эмес, глобалдык жаратылыш ресурсу катары да сакталышы керек. Анан жаратылыш кырсыктарына байланыштуу сурооңузга токтолсом, Европада токойлордун онлайн, мобилдик картасы бар.

Кайсы жерде токой, жашыл зона аз болсо ошол жерде топурактын сапаты начар болуп, жер көчкү коркунучу да артат. Андыктан, Кыргызстан бак-даракты жапырт тигип болсо да кыртышты байытуу, бекемдөөнү колго алганы дурус.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG