Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:45

Активисттер Бишкектин абасына байланыштуу бийликти өзгөчө абал киргизүүгө чакырууда


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Кыргызстандык экологдор, активисттер Бишкектин абасына байланыштуу өзгөчө абал киргизүүгө бийликти чакырышууда.

Динара Аляева баштаган активисттер баш калаада абанын булганышы өтө кооптуу чекке жеткендиктен, элдин саламаттыгы коркунучка кабылганын, бийлик буга чара көрүшү керек экенин айтып жатышат.

Дүйнөдөгү чоң шаарлардагы абанын сапатын иликтеген «World Air Quality» уюму орноткон жабдыктар көрсөткөн маалыматта Бишкек абанын булганышы боюнча ноябрдан бери дээрлик алдыңкы он саптан түшө элек.

4-5-январда Бишкек абанын булганышы боюнча кайрадан биринчи орунга чыкты.

Уюмдун сайтына 5-январга караган түнү, саат үчтө чыккан маалыматта баш калаадагы абалга кооптуу деген баа берилген.

Бул уюмдун абанын сапаты тууралуу соңку индексинде (5-январь, эртең мененки саат 7ге карата) Бишкекте аба сапатынын көрсөткүчү (AQI) 330 экени көрсөтүлгөн. Бирок түндө шаарда көрсөткүч мындан бир топ жогору болсо, Бишкектин четиндеги Сокулук, Военно-Антоновка, Лебединовка сыяктуу айылдарда индекс өтө кооптуу чектен, тактап айтканда 1200-1300дөн ашты.

Аталган уюм жарандарга көчөдө тынымсыз беткап тагып жүрүүнү, аба тазалаган жабдууларды колдонууну, үйлөрдө, кеңселерде терезелерди бек жаап, сырттан аба киргизбөөнү, көчөдө көп жүрбөөнү сунуш кылды.

Негизи, индекс 300дөн ашса абал өтө кооптуу деп эсептелет. 50дөн ылдый болгондо гана булганган эмес дегенди түшүндүрөт.

Бишкекте акыркы убакта абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды. Жыл сайын айрыкча кыш мезгилинде абанын булганышы күчөп, баш калааны ыш каптайт.

Буга чейин экологдор Бишкекте абанын булганышы нормадан бир нече эсе ашып кеткенин билдирип чыгышкан. Шаардын асманын кара-көк түтүн каптап турганы тартылган сүрөттөр Интернетте тынымсыз жарыяланып турат.

Активисттер жана жашоочулар абанын булганышынан ар кандай илдеттер көбөйүп кеткенин да жазып келатышат.

Социалдык тармактардын колдонуучулары да бийликтен экология маселесине көңүл бурууну талап кылып жатышат. (NT)

XS
SM
MD
LG