Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

Аксы райондук милиция башчысы кызматтан алынды


Аксы районунда нааразылык билдирген топ. 4-январь, 2020-жыл.
Аксы районунда нааразылык билдирген топ. 4-январь, 2020-жыл.

Аксы районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы Шекербек Тагиров ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу 4-январда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта Таңгиров Аксыдагы нааразылык акцияларына байланыштуу иштен алынганы айтылган.

ИИМдин билдирүүсүндө, былтыр 7-октябрдагы массалык башаламандык жана анда киши өлүмүнө алып келген окуялар боюнча сотко чейинки териштирүүнүн алкагында камакка алынган Аксы районунун тургуну Жылдыз Шадыбековду бошотууну талап кылып 300гө адам 2-январда Жалал-Абад шаарында митингге чыккан. Акция 4-январда Аксыда уланып, нааразы тарап жол тоскон. Талаптары аткарылбаса, эртең кайра жол тосо турганын билдирген.

Митингге чыккандар Шадыбековду үй камагына чыгарууну, ишти калыс иликтөөнү жана Аксы районунун акими менен милиция башчысын иштен алып, жоопко тартууну талап кылышкан.

4-январда Ички иштер министрлигинин буйругу менен Шекербек Таңгиров ээлеген кызматынан бошотулду. Район акими Эсеналы Ормоналиев да кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган.

Кылмыш ишин иликтөөнү УКМК көзөмөлгө алган.

2020-жылдын 7-октябрында Аксы районунун борбору Кербен шаарында акимди кызматтан кетирүүнү талап кылып чогулгандардын митинги жапырт мушташ менен коштолгон. Мушташта катуу жабыркаган 41 жаштагы Уланбек Жаманкулов 20 күндөн кийин ооруканада каза болгон. Окуяда алты киши жаракат алган.

Милиция тополоңду уюштурууга шектүүлөрдүн бири катары Кутман Шадыбековду камакка алган. Кийин анын жакындары Тургун Шадыбеков менен Жылдыз Шадыбеков да кармалган.

Жабыркаган тарап милицияга ишеним көрсөтпөгөндүктөн, ишти атайын кызмат алган. (TB/NT)

XS
SM
MD
LG