Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Британ соту Ассанжды АКШга экстрадициялоо тууралуу өтүнүчтү четке какты


Жулиан Ассанж.
Жулиан Ассанж.

Британиялык сот «ВикиЛикс» сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанжды АКШга экстрадициялоо тууралуу өтүнүчтү четке какты. АКШда ага мамлекеттик аскердик жашыруун сырларды ачыкка чыгарган деген айып коюлууда. Лондон сотунун судьясы Ванесса Бараицер анын психикалык саламаттыгына залака тиет деп чечти. «Себеби Ассанждын өз жанын кыюу боюнча ойлорун ачыкка чыгарган далилдер бар», - деди судья.

АКШнын бийлиги соттун бул чечимине макул эместигин, аны жокко чыгаруу боюнча мыйзамдуу ыкмаларга бара тургандыгын билдирди.

АКШнын прокурорлору 49 жаштагы Ассанжды тыңчылык жана компьютерди мыйзамга каршы колдонуу үчүн айыпташууда. Ал «ВикиЛикс» интернет-барагы аркылуу 2010-жылы АКШнын жашыруун аскердик материалдарын жарыялап, америкалык жоокерлердин Ирак менен Ооганстандагы айрым жосунсуз жоруктарын ашкерелеген.

Ассанж 2012-жылдан тартып Эквадордун Лондон шаарындагы элчилигинде башпаанек таап келген. Акыры ал Эквадордун бийлиги менен тил табышпай калганда элчиликтен чыгарылган жана 2019-жылы 11-апрелде британ полициясы аны кармаган. Ошондон бери аны АКШга өткөрүп берүү маселеси боюнча сот уланууда.

Сөз эркиндигин жана басма сөз эркиндигин жактоочулар Ассанжды айкындыктын күрөшкери катары коргоого алып келишет.

XS
SM
MD
LG