Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

Майкл Коэн Трампка каршы көрсөтмө берди


Майкл Коэн Конгрессте көрсөтмө берердин алдында. Вашингтон. 27-февраль, 2019-жыл.
Майкл Коэн Конгрессте көрсөтмө берердин алдында. Вашингтон. 27-февраль, 2019-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трампка узак жылдар бою жеке юрист болуп иштеген Майкл Коэн 27-февралда Өкүлдөр Палатасынын Көзөмөл жана реформа комитетиндеги көрсөтмөсүндө аны “шылуун” жана “жалганчы” деп атады.

Ал эми Трамп Коэнди "абактагы мөөнөтүн кыскартыш үчүн калп айтып жатат" деп билдирди.

Америкалык мыйзам чыгаруучулар Трамптын шайлоо командасынын Орусия менен байланышын билүүнү максат кылууда. Бир күн мурда Коэн Сенаттын Чалгын комитетиндеги угууларга катышкан. 27-февралда ал Өкүлдөр палатасынын Көзөмөл жана реформа комитетиндеги ачык угууда сурак бергени келди. Сөзүнүн башында Коэн Трамптын юристи болгонуна өкүнөрүн билдирип, президентти “шылуун, жалганчы жана расист” деп атады.

- Мен өз жүрөгүмдү уккандын ордуна, Трамптын мыйзамга каршы аракеттерин жашырууга аралашуу чечимин кабыл алганым үчүн уялам. Трамптын кандай экенин билген адам катары бул мен үчүн уят. Ал расист. Ал шылуун. Ал жалганчы.

Майкл Коэн Конгрессте көрсөтмө берердин алдында ант берип жатат. Вашингтон. 27-февраль, 2019-жыл.
Майкл Коэн Конгрессте көрсөтмө берердин алдында ант берип жатат. Вашингтон. 27-февраль, 2019-жыл.

Мындан тышкары, мурдагы адвокат жакында камакка алынган президенттин саясий кеңешчиси, шайлоо штабынын башчысы болгон Рожер Стоун 2016-жылы Демократиялык партиянын электрондук каттары жарыяланардын алдында "WikiLeaks" сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж менен байланышканын, алар Интернетке чыгып кетсе, Хиллари Клинтондун шайлоо кампаниясы зыянга учурашы мүмкүндүгүн Трампка кабарлаганын айтты. Трамп каттардын жарыяланганы жакшы болорун айтканын белгиледи.

- 2016-жылы июлда демократтардын курултайына бир канча күн калганда, мен Трамптын кабинетинде болгом. Ошол кезде анын катчысы Рожер Стоун телефон чалып жатканын айтып, Трамп телефонду үн күчөткүчүнө койду. Стоун Трампка азыр гана Жулиан Ассанж менен сүйлөшкөнүн, ал ага жакынкы күндөрү Хиллари Клинтондун шайлоо өнөктүгүнө зыяны тийчү электрондук каттарындагы маалыматтар Интернетке чыгарыла турганын айтканын билдирди. Трамп бул абдан жакшы болмок деп жооп берди.

Майкл Коэндин сөзүнө караганда, Трамп 2016-жылдагы президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда Москвадагы бизнеси, асман тиреген “Трамп Тауэр” долбоору боюнча жасалып жаткан "иштерди билген, аларды башкарган, бирок кийин бул тууралуу жалган сүйлөгөн". Трамптын аталган долбоор 2016-жылдын январында токтотулган дегени чындыкка туура келбейт, ал президент болуп каларына ишенбегендиктен, “Трамп Тоуэрди” куруу планын талапкер кезинде да бир канча ай бою улантып келген.

- Шайлоо өнөктүгү учурунда, мен анын атынан Орусияда сүйлөшүүлөрдү активдүү жүргүзүп жаткан кезде ал кээде менин көзүмө карап, "Орусияда эч кандай бизнес жок" деп айтчу. Кийин ал ошол эле нерсени айтуу менен Америка элине ачык эле калп айткан. Мындай жол менен ал мага жалган сүйлөөгө көрсөтмө берген.

Коэн Трамптын шайлоо штабынын Орусия менен түз байланышын билбесин, бирок ушундай болгон деп шек санап жатканын белгиледи.

Майкл Коэн ошондой эле президенттик шайлоого чейин Доналд Трамп ага өзү бир кезде окуган мектеп, коллеж, университеттерге опуза кат жазып, кимде-ким анын бир кездеги экзамен бааларын жарыялап жиберсе, абдан олуттуу кесепеттерге туш болот деп катуу эскертүүнү буйруганын билдирди. Трамптын жеке юристи болуп он жылдай иштеген Коэн бул мезгил ичинде АКШ президенти аны жүздөгөн жеке адамдар менен уюмдарды коркутуп опузалоого тапшырма бергенин кошумчалады.

Трамп: Майкл Коэн таза эмес юрист​

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Вьетнамда жолугушууда жүргөн Трамп "Твиттерде" Коэнди "абактагы мөөнөтүн кыскартыш үчүн калп айтып жатат" деп айыптады.

- Майкл Коэн менин атымдан иш жүргүзгөн юристтердин бири гана. Ал аз убакыт мурда гана жалган сүйлөгөнү жана көз боёмочулугу үчүн Жогорку сот тарабынан адвокаттык даражасынан ажыратылды. Ал Трампка байланышпаган көп жаман кадамдарга барды. Ал абактагы мөөнөтүн кыскартыш үчүн калп айтып жатат. Таза эмес юрист" - деп жазды Трамп "Твиттерге".

Өкүлдөр Палатасынын Көзөмөл жана реформа комитетиндеги угууда республикачы Жим Жордан "Сиздин буга чейин да жалган сүйлөгөнүңүз белгилүү, эми да калп айтып отурасыз" деди Майкл Коэнге карап:

- Демократтарга баары бир - алар болгону сизди колдонууну каалап жатышат. Коэн мырза, сиз бүгүн алардын оюнчугусуз. Алар президентти кызматтан түшүрүү үчүн кайсы бир жерде бир нерсе айттырыш үчүн кимдир бирөөнү табышат.

Конгрессмен Марк Грин "Бул күбө канчалык ишеним жаратат?" деген суроону коюп, Майкл Коэндин айткандарынан күмөн санады.

Ал эми Өкүлдөр Палатасынын Көзөмөл жана реформа комитетинин башчысы Элайджа Каммингс:

- Айымдар жана мырзалар, биз акыйкатты издөө жолундабыз. АКШ президенти Дональд Трамп көп билдирүү жасады. Эми америкалыктардын башка тарапты да угууга укугу бар. Алар Коэндин көрсөтмөлөрүн угуп, өз жыйынтыгын чыгара алышат, - деди.

52 жаштагы Майкл Коэн былтыр 12 -декабрда салык төлөөдөн качканы, шайлоо өнөктүгүн каржылоо боюнча мыйзамды бузганы, Трамптын иштери боюнча Конгресске жалган маалымат бергени үчүн күнөөлүү деп табылып, үч жылга түрмөгө кесилген. Ал бул иштерде күнөөлүү экенин моюнга алган. Узак убакытка соттолуудан чочулаган юрист прокуратура менен кызматташууга барган жана жазасы жеңилдетилген. Ал абак жазасын майдан тарта өтөп баштайт.

Тергөөнүн эсебинде, Коэн 2016-жылы президенттик шайлоо өнөктүгүнүн убагында президент Дональд Трамп менен мурда "жеке байланышта болгонбуз" деп ырастаган порно жылдыз Сторми Дэниелс менен модел Карен Макдугалга 130 миң долларды ооз басырык катары берүүгө да катышкан. Майкл Коэн 27-февралда Өкүлдөр палатасынын Көзөмөл жана реформа комитетиндеги сөзүндө Трамп президент болгондон кийин өзүнүн жеке банк эсебинен бул үчүн 11 жолу чек жазып бергенин, алардын көчүрмөлөрүн көрсөтүүгө даяр экенин да билдирди.

Роберт Мюллердин иликтөөсү

Президент Трамптын мурдагы жеке юристине каршы кылмыш ишин козгоо АКШда атайын прокурор Роберт Мюллер жүргүзүп жаткан иликтөөнүн натыйжасында келип чыккан.

Роберт Мюллер.
Роберт Мюллер.

Мюллердин тобу президент Трамптын 2016-жылкы шайлоо учурундагы штабынын Демократиялык партиянын талапкери Хиллари Клинтонду утуу үчүн Орусия менен байланыштары болгон-болбогонун иликтөөдө. Трамп өзүнүн шайлоо штабы менен Москванын ортосунда эч кандай келишүү болбогонун билдирип жүрөт.

Москва да Кремль АКШдагы шайлоого кийлигишкен деген дооматтарды четке кагып келе жатат.

Майкл Коэндин ачык угууда АКШ президенти Дональд Трамптын буга чейин белгисиз болуп келген жеке жана чуулгандуу иштери, бизнес-империясы тууралуу айткандары "тарыхый окуя" катары да бааланууда.

Атап айтканда бул 1970-жылдардагы Уотергейт жаңжалынан бери кызматтагы президентке каршы көрсөтмө берилген эң чоң чыр катары айтылып жатат. 1973-жылы Ак үйдүн мурдагы кеңешчиси Жон Дин президент Ричард Никсон жана башка жогорку кызмат адамдары Уоттергейт иши боюнча сот адилеттигине тоскоолдук жараткан деп көрсөтмө берген. Бир жылдан кийин Никсон Американын тарыхында оставкага кеткен биринчи президент болгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG