Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:11

Британия соту «ВикиЛикстин» негиздөөчүсү Ассанжды АКШга өткөрүү боюнча чечим чыгармакчы


Жулиан Ассанждын бул көз айнекчен чийме сүрөтү Лондондогу соттун жүрүшүндө тартылган. 2020-жылдын 24-февралы.
Жулиан Ассанждын бул көз айнекчен чийме сүрөтү Лондондогу соттун жүрүшүндө тартылган. 2020-жылдын 24-февралы.

4-январда Улуу Британиянын борбору Лондон шаарында райондук сот «ВикиЛикстин» («WikiLeaks») негиздөөчүсү Жулиан Ассанжды АКШга өткөрүү маселесине чекит коюп, тиешелүү чечим чыгарганы жатат. Бул чечим Гринвич боюнча таңкы саат 10:00до (Бишкекте саат 16:00да) райондук сот Ванесса Бараицер тарабынан жарыя кылынмакчы.

Бул чечимге ылайык Ассанж АКШнын мамлекеттик жашыруун сырларын ачыкка чыгаргандыгына байланыштуу доо боюнча Кошмо Штаттарга өткөрүлүп берилиши да ажеп эмес.

Эгерде сот Бараицер айым америкалык тараптын өтүнүчүн колдоого алчу болсо, анда Улуу Британиянын ички иштер министри Прити Сушил Пател айым (анын түпкү ата-теги – индиялыктар) биротоло чечим чыгарышы күтүлөт. Андан соң Ассанждын жактоочусу арыз менен кайрылса, бул көпкө созулган окуянын учугу андан ары улантылышы мүмкүн.

АКШнын прокурорлору 49 жаштагы Ассанжды тыңчылык жана компьютерди мыйзамга каршы колдонуу үчүн айыпташууда. Ал «ВикиЛикс» интернет-барагы аркылуу 2010-жылы АКШнын жашыруун аскердик материалдарын жарыялап, америкалык жоокерлердин Ирак менен Ооганстандагы айрым жосунсуз жоруктарын ашкерелеген.

Ассанж 2012-жылдан тартып Эквадордун Лондон шаарындагы элчилигинде башпаанек таап келген. Акыры ал Эквадордун бийлиги менен тил табышпай калганда элчиликтен чыгарылган жана 2019-жылы 11-апрелде британ полициясы аны кармаган. Ошондон бери аны АКШга өткөрүп берүү маселеси боюнча жүрүм улантылууда.

АКШнын Вьетнамга каршы согушунун доорунда, 1971-жылы Пентагондун бул согуш жаатындагы жашыруун маалыматтарын басма сөздө ачык жарыялап жибергендиги үчүн кеңири таанымал Дэниел Эллсберг Жулиан Ассанжды коргоп басма сөз жыйынын өткөрдү. Вашингтон. 2010-жылдын 16-декабры.
АКШнын Вьетнамга каршы согушунун доорунда, 1971-жылы Пентагондун бул согуш жаатындагы жашыруун маалыматтарын басма сөздө ачык жарыялап жибергендиги үчүн кеңири таанымал Дэниел Эллсберг Жулиан Ассанжды коргоп басма сөз жыйынын өткөрдү. Вашингтон. 2010-жылдын 16-декабры.

Сөз эркиндигин жана басма сөз эркиндигин жактоочулар Ассанжды айкындыктын күрөшкери катары коргоого алып келишет.

АКШнын Вьетнамга каршы согушунун доорунда, 1971-жылы Пентагондун бул согуш жаатындагы жашыруун маалыматтарын басма сөздө ачык жарыялап жибергендиги үчүн кеңири таанымал америкалык серепчи Дэниел Эллсберг Жулиан Ассанжды коргоп, 2010-жылдын 16-декабрында Вашингтондо басма сөз жыйынын өткөргөн. Ал эми 2020-жылы 16-сентябрда Лондонго келип, мындагы сотто Ассанжды колдоого алып сүйлөп, анын окуясын өзүнүн баштан кечирген окуясына теңеген. (TT)

XS
SM
MD
LG