Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:48

Ассанж ден соолугуна байланыштуу сотко катыша алган жок


Жулиан Ассанж, Лондон. 13-январь, 2020-жыл.
Жулиан Ассанж, Лондон. 13-январь, 2020-жыл.

«WikiLeaks» сайтынын түптөөчүсү Жулиан Ассанж саламаттыгына байланыштуу АКШга экстрадициялоо боюнча соттук жыйынга катыша алган жок. Бул тууралуу анын сүйлөшкөн кызы, мурдагы адвокаты Стелла Морис «Твиттерге» жазды.

Австралиянын жараны, 48 жаштагы Ассанж Кошмо Штаттарда бир нече кылмыш, анын ичинде тыңчылык боюнча айыпталууда. Лондон соту анын экстрадициясы боюнча сот эң эрте дегенде сентябрда болорун билдирди.

Сот процесси коронавирус пандемиясынан улам өткөн айда башка күнгө которулган.

Парижде жайгашкан «Чек арасыз кабарчылар» уюму Лондондогу Белмарш түрмөсүндө отурган Ассанж «ден соолугуна жана COVID-19га чалдыгууга байланышкан коркунучка туш келгенин» билдирди.

АКШнын Юстиция министрлиги ага 2010-жылы купуя документтерди ачыкка чыгарып жибергендиги үчүн айып койгон.

Ассанж өзү, адвокаттары жана тарапкерлери Кошмо Штаттарда ал калыс сотко туш болбойт деп, экстрадицияланышына каршы чыгышууда.

2019-жылдын апрелинде камакка алынган Ассанж Эквадордун Британиядагы элчилигинде дээрлик жети жыл баш калкалап келген.

XS
SM
MD
LG