Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Швеция соту Ассанжды камакка алуу тууралуу өтүнүчтү четке какты


Жулиан Ассанж.
Жулиан Ассанж.

Швед соту «WikiLeaks» сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанжды 2010-жылдагы зордуктоо иши боюнча камакка алуу тууралуу өтүнүчтү четке какты. Бул өтүнүч боюнча ишти Уппсала шаарынын соту 3-июнда карады.

Швед прокурорлору сотко учурда Британиядагы абакта отурган Ассанжды 2010-жылдагы зордуктоо иши боюнча камоого уруксат алуу жана аны Швецияга экстрадиция кылуу максатында кайрылышкан. Бирок соттун чечими Ассанжга карата козголгон кылмыш иши ушуну менен толук кыскарат дегенди билдирбейт.

Ассанж өзү зордуктоо ишин четке кагып келе жатат.

Ассанж 2012-жылы аны «Зордуктоо» беренеси менен айыптап жаткан Швецияга экстрадиция болуудан качып, Эквадордун Лондондогу элчилигинде убактылуу башпаанек тапкан. Быйыл апрелде Эквадор ага башкалка берүүдөн баш тарткан соң британ полициясы аны камакка алган.

49 жаштагы Австралиянын жараны аны күрөө менен бошотуу шарттарын бузгандыгы үчүн Британиянын түрмөсүндө 50 жумалык камакта отурат. Мындан тышкары сот аны жашыруун маалыматтарга мыйзамсыз жолдор менен жетиш үчүн айыптап жаткан АКШга өткөрүп берүүнүн жолдорун карап жатат.

XS
SM
MD
LG