Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Ассанждын экстрадициясы боюнча сот коронавирустан улам жылдырылды


Ассанжды экстрадициялоо боюнча сот. Лондон. 7-сентябрь, 2020-жыл.
Ассанжды экстрадициялоо боюнча сот. Лондон. 7-сентябрь, 2020-жыл.

«Викиликс» сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанжды Британиядан АКШга экстрадициялоо иши каралган сот процесси 10-сентябрда болбой калды. Америкалык өкмөттүн кызыкчылыгын коргогон адвокаттардын бири коронавируска чалдыкканы белгилүү болгондон кийин сот 14-сентябрга которулду.

Австралиянын жараны, 49 жаштагы Ассанж АКШда тыңчылык жана компьютерди кыянат пайдаланганы үчүн 18 эпизод боюнча айыпталууда. Он жыл мурун ал «Викиликс» сайтында АКШ армиясына таандык купуя маалыматтарды жарыялап жиберген.

Ассанж өзү, адвокаттары жана тарапкерлери Кошмо Штаттарда ал калыс сотко туш болбойт деп, экстрадицияланышына каршы чыгышууда.

2019-жылдын апрелинде камакка алынган Ассанж Эквадордун Британиядагы элчилигинде дээрлик жети жыл баш калкалап келген.

XS
SM
MD
LG