Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:51

Гонконгдон Москвага учкан Сноуден кайда?


АКШнын чалгындоо агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноудендин чуусу уланууда.

АКШнын атайын кызматтарынын жарандардын телефонун тыңшап, интернет байланышын көзөмөлдөгөн жашыруун программалары тууралуу маалыматты ачыкка чыгарып коюп, качып жүргөн Эдвард Сноуден 24-июнда Гонконгдон Москвага учуп келип, андан ары Кубага жол тартары айтылып жаткан. Бирок АКШда мамлекеттик сырды ачып, чыккынчылык кылды деп айыпталып жаткан жигиттин Гаванага учпаганы кабарланды.

АКШ президенти Барак Обама дүйшөмбү күнү журналисттер менен кездешүүдө мыйзамдуу жолдор менен Эдвард Сноуденди өткөрүп алуу үчүн Вашингтон ар кайсы өлкөлөр менен кызматташып жатканын билдирди:

...мыйзам бузулбай сакталганына ишенимде болуу үчүн биз түрдүү өлкөлөр менен бардык тиешелүү, мыйзамдуу каналдар аркылуу иштешип жатабыз.

Сноуден ашкере кылган жашыруун программа, АКШ бийликтеринин ырасташынча, ондогон террордук чабуулдарды алдын ала токтотконго жардамдашкан.

Жекшемби күнү Гонкогдон учкан Сноуден дүйшөмбү күнү Москвага келип, андан ары Кубага учаары боолгонуп жаткан. Бирок АКШнын чалгындоо агенттигинин мурдагы кызматкери "Шеремьетово" аэропортунан “Аэрофлоттун” рейси менен Гаванага учпаганы маалымдалды. Ага жардамдашып жаткан “Викиликстин” түптөөчүсү, таанымал Жулиан Ассанж качкындын Москвага учканын тастыктап, ал коопсуз жайда жана аман-соо экенин билдирди. Ассанждын сөзүнө караганда, Сноудендин Эквадордон саясый башпаанек алууга ниети бар.

Вашингтондук аткаминерлер Сноуден алиге чейин Москвада отурат деп ойлошот. Ушундан улам Ак үйдүн өкүлү Жеймс Карни кечээ Орусияга кайрылып, Эдвард Сноуденди өткүрүп берүүнү сурады:

- Бостон марафонундагы бомба чабуулунан кийин биздин Орусия менен кызматташуубуз күчөгөн жана тартип коргоо органдарынын Орусия менен бирге иштөөсүнүн тарыхы, анын ичинде орус өкмөтүнүн талабы боюнча бир катар таасирлүү кылмышкерлердин Орусияга кайтарып берилгенине карап, орус бийликтери Сноуден мырзаны Кошмо Штаттарга жөнөтүүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн карап көрөт деген үмүттөбүз.

Жеймс Карни ошондой эле Эдвард Сноуденди өткөрүп бербегени үчүн Гонконгду сынга алды:

– Муну биз Гонконгдун иммиграция кызматынын чиновнигинин техникалык чечими дегенге макул эмеспиз. Качкынды камакка алуу тууралуу өкүмдүн болгонуна карабай, өкмөт аны атайлап койо берди. Бул чечим АКШ-Кытай мамилесине тескери таасир этери талашсыз.

Расмий Москва ЦРУнун мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден Орусиянын чек арасынан өтпөгөнүн жана аны менен эч кандай байланышы жок экенин айтууда. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүнкү маалымат жыйынында:

“Мен шыр айтайын, биздин не Сноуден мырзага, не анын АКШнын Юстиция министрлиги менен мамилесине, не дүйнө кезип жүргөнүнө эч кандай тиешебиз жок”, - деди. Ал Сноуден маршрутун өзү тандаганын, Орус жетекчилиги маалымат каражаттарынан билгенин кошумчалап, качкындын Орусиянын чек арасынан өтпөгөнүн айтты. Бирок Лавров бул сөзү америкалык жаран азыр "Шереметьево" аэропортунун транзиттик жүргүнчүлөр токточу бөлүгүндө калууда дегенди билдиреби, тактаган жок. Министр сөз соңунда Москва Сноуденге көмөктөштү деген сөздөрдү четке какты:

- Ошон үчүн Орусия тарапты АКШнын мыйзамдарын бузду жана аны менен жең ичинен кызматташууда деп күнөөлөө үчүн болуп жаткан аракеттерди жана да бизди коркуткан сөздөрдү негизсиз жана эч ынангыс нерсе деп эсептейбиз.

АКШ мамкатчысы Жон Керринин билдиришинче, эгер Москва “өз өлкөсүнө чыккынчылык кылып, мыйзамды бузган” Эдвард Сноуденди өткөрүп берүү жөнүндөгү Вашингтондун өтүнүчүн этибарга албай койсо, Кошмо Штаттар “катуу кыжалат” болот. Ал кайсы өлкө качкынга жардамдашса, өз ара мамилеге залакасы тиерин де эскерте кетти.

XS
SM
MD
LG