Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Жулиан Ассанж британ полициясына карматпай кетти


Чуулгандуу WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж азыр “дипломатиялык жана полиция жете албай тургандай аймакта” экендигин бүгүн британ тышкы иштер министрлиги ырастады.

Швецияга экстрадицияланбаш үчүн саясий башпаанек издеген Ассанж кечээ Эквадордун Лондондогу элчилигине кирип кеткен. Британиянын Жогорку соту анын соңку апелляциялык арызын 14-июнда четке каккан болчу. Эквадор анын саясий башпаанек сураган өтүнүчүн иликтеп жатканын билдирди. Өлкөнүн тышкы иштер министри Рикардо Патино:

- Эквадордун өкмөтү Жулианж Ассанждын өтүнүчүн иликтөөдө. Ага карата кандай чечим кабыл алынбасын бул эл аралык укуктун принциптерине жана нормаларына ылайык болот.

Ассанж эл аралык коомчулукка 2010-жылы, WikiLeaks АКШнын жашыруун аскерий жана дипломатиялык документтеринин миңдегендерин жарыялаганда таанымал болгон.

Австралиянын жараны Ассанж Швецияда сексуалдык мүнөздөгү кылмыш жасаган деп айыпталууда. Бирок швед тарап таккан айыптын саясий жүйөөсү бар деп ырастаган Ассанж Швецияга экстрадицияланса, ал жактан АКШга өткөрүлүп, эгер айыптуу деп табылса, өлүм жазасына тартылышы мүмкүндүгүн айтууда. (UE)

XS
SM
MD
LG