Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

УКМК: Аксыдагы тополоң мыйзам чегинде тергелүүдө


Митинг УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын алдында өтүп жатат. 2-январь, 2021-жыл.
Митинг УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын алдында өтүп жатат. 2-январь, 2021-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын жетекчилиги 2-январда нааразылык акциясына чыккандар менен жолугуп, Кербен шаарындагы окуя мыйзам чегинде иликтенип жатканын жана тыкыр көзөмөлдө экенин билдирди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымат таратты.

Атайын кызматтын кабарлашынча, УКМКнын облустагы башкармалыгынын алдына үч жүздөй киши топтолгон. Алар атайын кызматтын өкүлдөрүнөн тополоңго айыпталып кармалгандарды үй камагына чыгаруу жана жергиликтүү күч органдарындагы кызматкерлерге карата козголгон кылмыш иштерди акыйкат тергөөнү өтүнүшкөн.

2-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Жалал-Абаддагы башкармалыгынын имаратынын алдына 7-октябрда Аксы районундагы тополоңго байланыштуу камалган Кутман Шадыбеков, Тургун Шадыбеков жана Жылдыз Шадыбековдун тарапташтары, Ак-Дөбө айылынын тургундары нааразылык акциясына чыккан. Жергиликтүү кабарчыбыздын айтымында, жүздөгөн адамдар кармалгандарды үй камагына чыгарууну талап кылышкан.

2020-жылы 7-октябрда Кербен шаарынын борборуна акимди кызматтан кетирүү талабы менен чогулгандардын митинги калайман мушташ менен коштолуп бир киши каза болгон, алты киши жараат алган.

Мушташта катуу жараат алган 41 жаштагы Уланбек Жаманкулов жыйырма күндөн кийин каза болгон. Милиция тополоңду уюштурууга шектүүлөрдүн бири катары Кутман Шадыбековду камакка алган. Кийин анын жакындары Тургун Шадыбеков жана Жылдыз Шадыбеков дагы кармалган. Жабыркаган тарап милицияга ишеним көрсөтпөгөндүктөн, ишти атайын кызмат иликтеп жаткан. (TSh)

XS
SM
MD
LG