Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:42

Грозныйдагы кол салууга ИМ террордук тобу жоопкерчилик алды


Кол салуу болгон жер. Грозный, 28-декабрь, 2020-жыл.
Кол салуу болгон жер. Грозный, 28-декабрь, 2020-жыл.

Чеченстандын борборунда 28-декабрдагы бир полиция кызматкеринин өмүрүн алган кол салуу боюнча жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук тобу өз мойнуна алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Кандуу окуя Грозныйдын борборунда орун алган. Расмий маалыматка караганда, бир туугандар Хасан жана Хусейн Тимурзиев патрулдук кызматтын инспекторуна бычак менен кол салып, куралын тартып алууга аракет кылган. Кол салууда бир полиция кызматкери каза болуп, өнөктөшү жараат алган. Ингушетиянын тургундары Тимурзиевдер кармоо учурунда өлтүрүлгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG