Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:28

УКМК: теракт жасоого аракет кылган киши кармалды


Шектүү. Атайын кызмат тараткан сүрөт.
Шектүү. Атайын кызмат тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2020-жылдын 31-декабрында коңшу мамлекеттердин биринин атайын кызматы менен биргеликте Кыргызстандын аймагындагы пландалган террордук актынын алдын алганын кабарлады. Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, теракт жасоого аракет кылган деген шек менен 23 жаштагы кыргыз жараны Ош облусунун аймагында кармалды. Учурда Жазык кодексинин 239-беренеси (“Терроризм актысы”) менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Тергөөнүн алдын ала маалыматына караганда, кармалган шектүү эл аралык террордук топтун мүчөсү болгон жана ал башчысынын көрсөтмөсү менен облус аймагындагы аскер бөлүктөрүнүн биринде террордук акт кылуу үчүн жарылуучу зат жасамак. Шектүүнүн жашаган жеринен тинтүү учурунда аскердик форма бардык жабдыктары менен жана чет тилдеги баракчалар табылды. Учурда кармалган жаран УКМКнын Ош аймагындагы башкармалыгындагы тергөө абагына киргизилди. (TSh)

XS
SM
MD
LG