Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:35

Президенттин милдетин аткаруучу менен кошо ар тармактын мыктылары жаңы жылдык куттуктоосун айтышты


Президенттин милдетин аткарып жаткан парламент төрагасы Талант Мамытов менен бирге куттуктоо айткан кыргызстандыктар.
Президенттин милдетин аткарып жаткан парламент төрагасы Талант Мамытов менен бирге куттуктоо айткан кыргызстандыктар.

Мамлекеттик телеканалдар аркылуу салтка айланган өлкө башчысынын куттуктоосун 2021-жылы президенттин милдетин аткарып жаткан парламент төрагасы Талант Мамытов айтты.

Мамытов 2020 бурулуш жылы болгонун белгилеп, «бул күнү оор күндөрдө өлкөгө эмгек кылган каармандар куттукташы керек» деп аларга сөз берди.

Спикер менен кошо элди дарыгер, милиция, мугалим, «Тазалык» ишканасынын кызматкери, спортчу, майыптардын укугун коргогон активист, мигранттын кызы, ыктыярчы жана элдик кошуундун мүчөсү куттуктады.

6-октябрдагы окуяларда Бишкек шаарында элдик кошуундун башында туруп калаанын тынчтыгына салым кошкон активист Болот Ибрагимов Кыргызстанда эр жүрөк, биримдиктүү эл жашай турганын, керек учурда мекенди коргоо даяр экенин айтты.

2020-жылы 6-октябрдагы саясий окуялардан кийин өлкөдө бийлик алмашып учурда мамлекет башчысынын милдетин парламент спикери Талант Мамытов аткарып жатат. Кезексиз президенттик шайлоо 10-январда өтөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG