Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:49

Аксыдагы тополоңго байланыштуу камалгандардын тарапташтары митингге чыгышты


Митинг УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын алдында өтүп жатат. 2-январь, 2021-жыл.
Митинг УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын алдында өтүп жатат. 2-январь, 2021-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Жалал-Абаддагы башкармалыгынын имаратынын алдына 7-октябрда Аксы районундагы тополоңго байланыштуу камалган Кутман Шадыбеков, Тургун Шадыбеков жана Жылдыз Шадыбековдун тарапташтары, Ак-Дөбө айылынын тургундары нааразычылык акциясына чыкты.

Жергиликтүү кабарчыбыздын айтымында, жүздөгөн адамдар кармалгандарды үй камагына чыгарууну талап кылышууда. Учурда атайын кызматтын өкүлдөрүнөн бул боюнча комментарий алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Чогулгандар андан кийин Жалал-Абаддагы шаардык соттун алдына барышты.

2020-жылы 7-октябрда Кербен шаарынын борборуна акимди кызматтан кетирүү талабы менен чогулгандардын митинги калайман мушташ менен коштолуп бир киши каза болгон, алты киши жараат алган.

Мушташта катуу жараат алган 41 жаштагы Уланбек Жаманкулов жыйырма күндөн кийин каза болгон. Милиция тополоңду уюштурууга шектүүлөрдүн бири катары Кутман Шадыбековду камакка алган. Кийин анын жакындары Тургун Шадыбеков жана Жылдыз Шадыбеков дагы кармалган. Жабыркаган тарап милицияга ишеним көрсөтпөгөндүктөн, ишти атайын кызмат иликтеп жаткан. (TB/ TSh)

XS
SM
MD
LG