Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:01

Насыя алган 673 миңден ашык жаран үч айлык үстөк пайыздан бошотулат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 100 миң сомго чейин насыя алган 673 миңден ашуун жаран үч ай бою пайыздык төлөмдөн бошотулат. Бул тууралуу Финансы министрлиги 4-январда билдирди.

Маалыматка караганда, үстөк пайыздарды төлөөгө жеңилдик өкмөттүн токтомунун негизинде иштелип чыкты. Ага болжол менен 1,253 миллиард сом талап кылынат. Ал каражатты салыктык эмес кирешелердин эсебинен 2021-жылдын республикалык бюджетинен алуу максаты коюлууда.

Мекеменин билдирүүсүнө караганда 100 миң сомдон ашкан насыяларды негизинен ишкердик субъектилер алат.

100 миң сомго чейинки насыяларды туруктуу кирешеси жок же айлыктын эсебинен гана жан баккан жарандар алган.

Өкмөт буга чейин COVID-19 пандемиясынан кийин түзүлгөн социалдык-экономикалык абалга байланыштуу насыя төлөгөндөргө жеңилдик берүү боюнча токтом кабыл алган.

Анын негизинде Финансы министрлиги Улуттук банк жана башка финансы-насыя уюмдары менен маселени талкуулап, атайын алгоритм иштелип чыкты.

Алгоритмге ылайык, насыя алуучулар 2020-жылдын декабрь, 2021-жылдын январь жана февраль айларында пайыздык төлөмдөрдөн бошотулмай болду.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы экономикага олуттуу зыян алып келди. Банктардан алган насыяларын төлөй албай калган бир топ жарандар нааразылык акцияларын да өткөрүшкөн. (NT)

XS
SM
MD
LG