Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Аксыда митингге чыккандар жолду тосушту


Жол буулган жерден тартылган сүрөт.
Жол буулган жерден тартылган сүрөт.

Аксынын Ак-Дөбө айылынын нааразалык акциясына чыккан тургундары 4-январда Ала-Бука - Чаткал - Жалал-Абад жолун буушту. Алар нааразылык акциясын 2-январда баштап, жол боюна эки боз үй тигишкен.

«Азаттыктын» аймактагы кабарчысы тосулган жолдо автоунаалар топтоло баштаганын, болжол менен 200дөй машине бар экенин кечки саат беште кабарлады. Абалды милиция көзөмөлдөп турат.

Айыл тургундары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Жалал-Абаддагы башкармалыгынан камактагы Кутман Шадыбековду, Тургун Шадыбековду жана Жылдыз Шадыбековду үй камагына чыгарууну талап кылышууда.

Аталган жарандар 2020-жылдын 7-октябрында Аксы районундагы тополоңго байланыштуу камалган. Ал күнү Кербен шаарынын борборуна акимди кызматтан кетирүүнү талап кылып чогулгандардын митинги калайман мушташ менен коштолуп, бир киши каза болгон, алты киши жараат алган. Мушташта катуу жараат алган 41 жаштагы Уланбек Жаманкулов 20 күндөн кийин каза болгон. Милиция тополоңду уюштурууга шектүүлөрдүн бири катары Кутман Шадыбековду камакка алган. Кийин анын жакындары Тургун Шадыбеков менен Жылдыз Шадыбеков да кармалган. Жабыркаган тарап милицияга ишеним көрсөтпөгөндүктөн, ишти атайын кызмат иликтеп жаткан.

Айыл тургундарынын акциясы 2-январда башталган. 3-январда УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын жетекчилиги алар менен жолугуп, иш мыйзам чегинде иликтенип жатканын жана катуу көзөмөлдө экенин билдирген. (TB).

XS
SM
MD
LG