Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Аксыдагы адам өлүмү, тополоңдун изи


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Аксынын Кербен шаарында 7-октябрдагы жапырт мушташта жараат алып каза болгон адамдын жакындары тергөө бир жактуу жүрүп, тополоң уюштургандар жазасыз калып, жабырлануучу тарапты басмырлап, окуянын күбөлөрүн кысымга алып жатканына даттанышты.

Бул окуяда иштеп жаткан акимди күч менен кызматтан кетирип, ордуна башка бирөөнү дайындоого даярданган топтор акимди ордуна кайра отургузган тарапка кол салып, алты адам жараат алып, анын бири Бишкекте ооруканада каза болгон.

Башында «Ээнбаштык» беренеси менен гана иш козголгонуна кабатыр болгон жабырлануучу тарап, чырдын артында милиция менен аралашкан кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү турат деп шекшип жатат.

Ишти тергөөнү өзүнө өткөрүп алган Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тергөө мыйзамдуу жүрүп жатканын билдирүүдө. Бирок окуяга катышы барларды толук жоопко тартууга жергиликтүү калк каршылык көрсөтүүдө деген жүйөнү карманып, тергөөгө тоскоолдук бар экенин моюнга алды.

«Тополоң уюштургандар торго кире элек»

Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан саясий күчтөрдүн тарапташтары бийликти басып алган учурда Аксынын борбору Кербен шаарында райондун акимин мажбурлап, кызматтан алуу аракеттери башталган.

Мындай окуялар дээрлик бардык район борборлорунда болгону менен Кербендеги окуя адам өлүмүнө алып келген калайман мушташка чейин жеткен. Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, 6-октябрь күнү эртең менен райондук акимчиликти басып алган белгисиз топтор акимге күч колдонуп, аны бийликтен кетүүгө мажбурлаган.

Бул учурда акимди колдогон тарап топтолуп келип, аны күч менен кызматынан алуу мыйзамсыз экенин эскертип, биринчи күнү аны ордунда калтырган. Ошентип, эртеси 7-октябрда акимди кызматтан алууну көздөгөн топ кайра чогулуп, алар менен акимди коргоп чыккандар чырдаша кеткен.

Бул окуяда башынан оор жараат алып, кийин каза тапкан Уланбек Жаманкулов аттуу жарандын жубайы Нүргүл Аргенбаева коомдогу тынчтыкты жана мыйзамдуу бийликти коргоп чыккандар катуу токмоктолуп, аны күч менен басып алуу үчүн тополоң уюштургандарга милиция бүгүнкү күнгө чейин чара көрбөй жатканына даттанды:

«Алар бийлик талашып, акимди уруп-согуп, аны иш бөлмөсүнөн кубалап чыгып, отуруп алышкан. Алардын арасында Кутман деген бала болгон. Аким менин жолдошумду жана башка балдарды элдик кошуунга чакырып, өз ара сүйлөшүүнү макулдашкан. Бирок анын эртеси эле баягы балдар кайрадан топтолуп келип, акимдин кызматтан кетишин талап кылып, күч колдоно башташкан. Ошол жерде акимчиликтин алдында турушканда асманга ок атылып, анан эле колдоруна темир, таяк жана башка куралдарды кармаган жөө адамдар жана атчандар бастырып кирип келип, андагыларды токмоктой башташкан экен. Жолдошумду уруп-тепкилеп, катуу темир менен башка чаап кетишиптир. Анын баш сөөгү сынган экен. Ооруканага жатып, Бишкекте операциядан кийин жакшы боло албай, узап кете берди. Дарыгерлер башына кан уюп калганын айтышты. Биз ошондо эле милицияга кайрылып, бирок көпкө чейин эч майнап чыкпай, бул ишти кылган адамдар он күндөн кийин кармалышты. Жолдошум аны кимдер урганын, кимдер ага шыкакчы болгонун айтып берген видео турса деле, милиция ага көңүл бурган жок. Алар бир күн мурун бул мыкаачылык ишке алдын ала кантип даярданып жатканы, анда акимди колдоп чыккан кимдерди уруп-согуп, тепкилеп, кимдерди коркутуш керектиги боюнча кол астындагыларга буйрук берген учурларын далилдеген сөздөрү бар аудио жазуу да кийин чыккан. Кошуунга кирген ар биринин аттарын атаган экен. Бирок буга байланыштуу ызы-чууда жүргөн балдарды гана кармап, тополоңду уюштургандар сыртта эле калып, боштондукта жүрүшөт. Аудио-видео далилдер турганына карабастан, тергөөчүлөр биз атаган адамдарды «бул окуяда көргөн күбөлөр жок болгондуктан камай албайбыз» деп жатышат. Бирок менин күйөөмдү кантип уруп-согуп жатканын көргөн күбөлөр толтура. Аларды тигилер коркутуп-үкүтүп, көрсөтмө бердиртпей жатышат. Алар «ишти уюштурган адам камалса, анан көрсөтмө берет элек» дешти. Бирок аларды камабай, алар бизди басмырлап, күбөлөргө кысым жасап эркиндикте жүрүшөт».

«Тергөөгө тоскоолдук бар»

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Нурбек Сыдыков Аксыдагы адам өлүмүнө алып келген калайман мушташ боюнча кылмыш бүйүр кызыткан олуттуу иш болгондуктан анын материалдары райондон облустук тергөө кызматына алынганын билдирди.

Анын айтымында, бул окуяга катышы бар жана аны уюштурушу мүмкүн деген негизде жабырлануучу тараптын арызында көрсөтүлгөн кылмышка шектүүлөрдү толугу менен жоопко тартууга мүмкүн болбой жатат.

«Тополоңго катышкандардын арасынан үч адамды алып барып, жоопко тартуу боюнча ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат, - деди ал. - Биз тиешелүү адамдардын баарын тергөөгө чакырып, алып келип жатабыз. Дагы алып келе турган адамдар бар. Бирок тергөө амалдары жүрүп жаткан мезгилде жергиликтүү калктын өкүлдөрү тарабынан ага тоскоолдук жасалууда. Аксыда эл топтолуп, биздин кызматкерлерге «Аксынын ички иштер бөлүмүндө тергөө иштерин жүргүзгүлө» деген талап коюп жатышат. Бирок мындай нерселерге карабай, биздин башкармалыктын ыкчам тергөө тобу өз ишин мыйзам чегинде алып барып жатат. Жабырлануучу тарап «милиция карабай жатат» десе, тигил жакты колдогондор «тергөөнү бул жакта жүргүзгүлө» деген сыяктуу ар кандай тоскоолдуктарды жаратып келет. Биз азыркы мезгилде да ошол жакта иштеп жатабыз».

Жабырлануучу тарап ишти тергеген Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы 7-октябрдагы окуяны баштан-аяк чагылдырган видео тасма турганына карабастан, андагы жигиттерди тополоң чыгарууга тукуруп, алып келген тараптын аракеттерине укуктук баа берилбей, калайман мушташты уюштургандар эркиндикте жүргөнүнө кабатыр.

Кармалгандар кандайча бошотулган?

Маркумдун иниси Айбек Жаманкулов бул ишти териштирген ыкчам тергөө тобу башында жакшы иш алып барып, бирок кийин окуянын негизги уюштуруучулары эркиндикке чыгып кеткенин белгиледи:

«Тергөө бул чуулгандуу ишти калыс карабай жатат. Тергөө ишин атайылап эле кечеңдетип, иштин изин суутканга аракет жасалып жаткандай. Тиешелүү күбөлөр көрсөтмө берип, андан башка аудио жана видео далилдерди тергөөгө бергенбиз. Башында милиция менин агамды ур-токмокко алган окуя боюнча «бул ишти аткарган жана уюштурган» деген негизде жалпысынан сегиз адамды кармап, Жалал-Абадга алып келген. Бирок кийин билсек, милиция анын бардыгын коё берип, бирөөнү эле алып калыптыр. Кылмыш иши жеңил берене менен козголуптур. Башында кармалган сегиз адамдын эмне кылып жатканы тасмаларда даана эле көрүнүп турган болчу. Бирок негедир аларды коё берип жиберишкен. Эмнеге аларды бошотконун милиция бизге түшүндүрүп бере алган жок. 60 жаштан ашкан апам баш болуп, бардык туугандар күндө Жалал-Абад шаарына келип, ички иштер башкармалыгынын алдында турабыз. Тергөө органдары менен башкармалыктын башчысы тигилер менен келишип алганга окшоп жатат. Себеби, бизге милициянын арасынан «бул ишке тигил шек санагандар менен кошо эки милиция кызматкери аралашкан, аларды биз кантип кармайт элек» деп айткандар болду. Ал эми тергөөчүлөр «ишти алып барып жатабыз» дегени менен эмдигиче жасаган ишинен жыйынтык көрө элекпиз. Бул жерде алты баланын атасынын өлүмү болуп жатат. Ал жөн эле өлгөн жок. Ал «мамлекетте тынчтык болсун, талашып-тартышпай азырынча аким ордунда иштеп турсун» деп эл чогулган жерде ачык айта коюп, ошонун айынан катуу токмок жеп, ажал таап отурат».

Эки жакты кагыштырган эрендер

7-октябрь күнү эртең менен Аксы райондук акимчилигинин алдына болжол менен 500дөй адам чогулган. Топтолгондордун пикири келишпей, бир тарабы акимди «кызматтан кетсин» десе, экинчи тарабы «анын кызмат орду мыйзамдуу жол менен каралсын» деп, ортодо чатак ырбаган. Кербен шаарындагы тополоңго шыкакчы болуп, башка айылдан атчандар да келип кошулуп, бийлик талаштан уруш чыккан.

Чырдашып жаткандар райондогу Кербен шаарынын жана Ак-Дөбө айылынын айрым жашоочулары экени айтылган. Аларды кагылышууга тукуруп, Аксыдагы райондук бийликти басып алууну көздөгөн атайын топ болгону айтылганы менен алардын кимдер экени азырынча жабырлануучу тарапка жана тергөөгө гана белгилүү.

Бул калайманда аким Эсеналы Ормоналиевди коргоп турган элдик кошуундун башчысы Уланбек Жаманкулов башынан оор жаракат алып, кийин Бишкектеги ооруканалардын биринде операциядан соң жан берген.

Аксынын акими Эсеналы Ормоналиев окуя эмнеден улам чыкканын төмөндөгүдөй баяндап берди:

«6-октябрь күнү Кутман деген жигит бир топ балдар менен менин иш бөлмөмө кирип келип эле кызматымды тапшырууну талап кылып, күч колдонуп, ар кандай жаман сөздөрдү айта баштады. Ошол мезгилде элдик кошуундун жигиттери келип, аларды сыртка чыгарып, түшкө чейин эки ортодо ызы-чуу болуп, анан тарап кетишкен. Анда мен азыр кимдир-бирөөлөр келип эле акимди алып, башка бирөөнү дайындай албай турганын айтып, кимде-ким мыйзамдуу жол менен буйрук алып келсе же болбосо көпчүлүк эл чечсе, кызмат ордумду тапшырып бере турганымды айтып, иш бөлмөмдүн эшигин жаап кеткем. Эртеси бир күн мурун келгендер кайрадан топтолуп, чаң-тополоң сала башташты. Ал жерде мени колдогондор да топтолгон болчу. Мен анда ызы-чуу чыга бере турган болсо, анда кызматымды тапшырып бере турганымды айттым. Бирок көпчүлүк эл мен кызмат ордумда калышым керек экенин айтып, иш бөлмөмө киргизип койду. Ошол учурда акимчиликтин сыртында туруп ызы-чуу салгандар чатак чыгарып, биздин жактоочуларды уруп-сабай баштаган экен. Аны мен көрбөй калдым. Сыртта тополоң чыгып кетти. Көрсө атчандар, куралчан адамдар бир күн мурун эле даярдалып, бул иш алдын ала уюштурулган экен».

Бул тополоң 2020-жылдын 7-октябрь күнү Аксы райондук милициясында Жазык кодексинин 266-беренеси («Ээнбаштык») менен катталып, сотко чейинки териштирүү башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Милиция бул окуяга катышкандар менен аны уюштургандар аныкталарына убада берип, тез арада ыкчам тергөө аракеттери жүргүзүлө турганын жарыялаган. Мыйзамдын талабы боюнча милиция «Киши өлтүрүү», «Бийлик өкүлүнө күч колдонуу», «Бийликти күч менен басып алуу аракети» жана «Жапырт башаламандык» беренелери боюнча сотко чейинки бир нече кылмыш иши ачылууга тийиш экени айтылды. Бирок жабырлануучу тарап иш жүзүндө «Адам өлүмүнө алып келген мушташ» жана «Ээнбаштык» сыяктуу жеңил беренелер менен сотко чейинки териштирүү башталганына нааразы.

Бул ишти тергеген топтун жетекчиси Нурлан Шадыканов коюлган дооматтарды четке кагып, толук маалымат кийин берилерин айтты:

«Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына кайрылсаңар. Мен ал жакка тиешелүү маалыматтарды камтыган тактама даярдап берем. Бул ишти бир ооз сөз менен айтып берүү кыйын. Биз мыйзамдын негизинде гана иш алып барып жатабыз. Азыр бардык тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Азырынча бир топ адамдар сырттан чакырылып, суралып жатат. Кармоо деген башка да. Тергөө амалдары эми эле башталды. Анын жыйынтыгы менен гана укуктук баа берилет. Ошондуктан мен азыр тергөө бүтмөйүнчө башка маалымат бере албайм».

Окуянын күбөлөрү акимди кызматтан алууну талап кылып, акимчиликтин алдында атчандар жана куралчан адамдар жүргөнүн байкашкан. Бул чыр-чатак чыгардан мурун чогулгандардын арасынан бирөө асманга ок атып, анын кесепетинен тараптар эки жаатка бөлүнүп, калайман мушташ башталып кеткен. Ал эми милициянын маалыматына караганда, окуя учурунда эки тарапты ажыратыш үчүн белгисиз адам ок атуучу куралдан асманга үч жолу аткан. Жабырлануучу тарап бул окуяга уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү, милициянын мурдагы жана иштеп жаткан кызматкерлери да аралашкан деген шек менен облустук башкармалыкка арыз берген.

Иштин бир бөлүгү УКМКга өттү

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Нурбек Сыдыков жабырлануучу тараптын арызынын негизинде милиция кызматкерлерине байланыштуу ачылган кошумча кылмыш ишин тергөө УКМКга өткөрүлүп берилгенин билдирди:

«Төңкөрүш аракети дейбизби же бийлик алмашуу дейбизби. Жалпы республика боюнча кырдаал ошондой болгон. Убагында ээнбаштык боюнча арыз түшкөн экен. Бул окуяга катышкандардын бири каза болуп калгандан кийин материалдар облустук башкармалыкка алынып, «Киши өлтүрүү» жана «Адам өлүмүнө алып келген ээнбаштык» беренелеринин негизинде сотко чейинки териштирүү башталган. Башында башка жагдайлар боюнча жабырлануучу тарап өзү убагында арыз берген эмес экен. Арыз келип түшкөндөн кийин анан териштирүү жүрдү. Жабырлануучулар келтирген дооматтарындагы жагдайлар боюнча материалдарды УКМКга өткөрүп бердик. Анткени ал иштерде мурдагы жана азыркы иштеп жаткан милиция кызматкерлеринин аракеттери тууралуу сөз болгондуктан, аны тергөө биздин милдетке кирбей калат. Ошондуктан бул иш атайын бөлүнүп, коопсуздук органына берилди».

Быйыл 4-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий күчтөрдүн тарапташтары 6-октябрга караган түнү Бишкекте бийлик имараттарын басып алышкан.

Бул окуяны айрымдар төңкөрүш дешсе, кээ бирөөлөр ыңкылап деп атап, борбордо жана жер-жерлерде бийликти күч менен басып алуу өнөкөтү күч алган болчу. Кийин кырдаал турукташканда башкаруу органдарынын жетекчилерин мажбурлап алмаштырууга тыюу салып, баскынчылыкка жол бербөө тууралуу талаптар коюлган. Ошол окуяларга байланыштуу 15-октябрда экс-президент Сооронбай Жээнбеков бийлигин өз ыктыяры менен өткөрүп берүү боюнча арызын жазган. Октябрь окуяларында тарапташтары түрмөдөн бошотуп алган Садыр Жапаров өкмөт башчы болуп шайланып, азыр президенттин милдетин аткарып жатат.

XS
SM
MD
LG