Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:53

Аксыда нааразылыкка чыккандар жол боюна эки боз үй тигишти


Ак-Дөбө айылынын нааразылыкка чыккан тургундары. 4-январь, 2021-жыл.
Ак-Дөбө айылынын нааразылыкка чыккан тургундары. 4-январь, 2021-жыл.

Аксынын Ак-Дөбө айылынын тургундары 4-январда кайрадан нааразылык акциясына чыгышты. Алар Ак-Дөбө айылына Ала-Бука-Чаткал-Жалал-Абад жолунун боюна эки боз үй тигип алышканын, талаптары аткарылбаса жол тосууга барышарын «Азаттыктын» аймактагы кабарчысына билдиришти.

Айыл тургундары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Жалал-Абаддагы башкармалыгынын имаратынын алдына барып, камактагы Кутман Шадыбеков, Тургун Шадыбеков жана Жылдыз Шадыбековдун үй камагына чыгарылышын талап кылышууда.

Аталган жарандар 2020-жылдын 7-октябрында Аксы районундагы тополоңго байланыштуу камалган. Ал күнү Кербен шаарынын борборуна акимди кызматтан кетирүүнү талап кылып чогулгандардын митинги калайман мушташ менен коштолуп, бир киши каза болгон, алты киши жараат алган.

Мушташта катуу жараат алган 41 жаштагы Уланбек Жаманкулов 20 күндөн кийин каза болгон. Милиция тополоңду уюштурууга шектүүлөрдүн бири катары Кутман Шадыбековду камакка алган. Кийин анын жакындары Тургун Шадыбеков менен Жылдыз Шадыбеков да кармалган. Жабыркаган тарап милицияга ишеним көрсөтпөгөндүктөн, ишти атайын кызмат иликтеп жаткан.

Айыл тургундарынын акциясы 2-январда башталган. 3-январда УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын жетекчилиги алар менен жолугуп, иш мыйзам чегинде иликтенип жатканын жана катуу көзөмөлдө экенин билдирген. Маалыматка караганда жолугушуудан кийин бир боз үйдү чечишкен, бирок, бүгүн кайрадан акция уланып жатат. (TB)

XS
SM
MD
LG