Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 02:19

Коюу тумандан улам Бишкек-Ош аба каттамдары кармалууда


Туман. Иллюстрациялык сүрөт.

«Ош» эл аралык аэропортунун аймагын 4-январда саат 18:20дан бери коюу туман каптап турат.

Буга байланыштуу аба каттамдары кармалып жатканын «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.

Тумандан улам «Тез Жет» авиакомпаниясынын Бишкек-Ош-Бишкек, «Авиа Траффик» компаниясынын Ош-Бишкек рейстери уча элек.

Аэропорттун жетекчилиги жарандарды каттамдар тууралуу маалыматтарды сурап билүү түйүндөрүнөн 0(312) 693109 жана 0(3222) 90101 телефондору аркылуу тактап алууга чакырууда. (NT)

XS
SM
MD
LG