Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:14

Темир Сариев: мамлекеттик органдар туруктуу иштеши керек


Темир Сариев.
Темир Сариев.

Бул тууралуу Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Темир Сариев өкмөт жоюлуп министрлер кабинети болуп түзүлүшү жана анын түзүмү тууралуу "Биринчи радиого" курган маегинде билдири.

"Улам-улам эле өзгөртө бербей чыдашыбыз керек. Мамлекеттик бийлик, мамлекеттик органдар туруктуу болушу зарыл. Мунун кесепети экономикага тийип атат. Азыр экономика менен алек болгон адамдар аз", - деди Сариев.

Өлкөдө аткаруу бийлигинин түзүмү февраль айында өзгөртүлүп бийлик министрликтер менен ведомстволордун санын 48ден 16га чейин кыскартып, 12 министрлик, бир комитет калган.

Жаңы Конституция 5-майда күчүнө киргенден кийин президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетининин жаңы түзүмүн бекитти. Анда 14 министрлик, эки комитет, министрлер кабинетинин төрт орун басары бар. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG