Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:08

«Кадастр» ишканасынын Оштогу филиалынын башчысы кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жер ресурстары агенттигине караштуу "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын башчысы С.Б. 5-апрелде кармалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) маалымат кызматы ал жер пайдалануудагы коррупциялык схемаларды жоюу иштеринин алкагында кармалып, тергөө абагына киргизилгенин кабарлады.

Маалыматка ылайык, С. Б. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы аныкталган. 2020-жылдын август айларында «Ош электро» ишканасы административдик имаратты сатуу боюнча аукцион өткөргөн.

Жыйынтыгында 8 млн. сомго жеке адамга сатылган. УКМК аймакта 1 сотых жер тилкесинин базар баасы 2,5 миллион сомдон жогору турарын белгилөөдө. Арзан сатылган имараттын жалпы аянты 600 чарчы метрден ашуун, 16,65 сотых жер тилкесинде жайгашкан.

УКМК С. Б. мындан тышкары имарат жайгашкан жерди мыйзамсыз менчиктештиргенин билдирди. Маалыматка ылайык, жер ижарага берилүүгө тийиш болгон.

УКМК тарабынан жер пайдалануудагы башка коррупциялык факторлорду аныктоо боюнча иштеп жатат.

Өткөн жылдын аягында, 2-декабрда Жер рестурстары боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу «Кадастр» мекемесинин директору коррупцияга шек саналып кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалган.

7-декабрда мыйзамсыз акча чогултуу фактысы боюнча өкмөткө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору УКМК тарабынан кармалган.

Ал атайын кызматтын Коррупцияга каршы күрөш кызматы тергеп жаткан иштеги сотко чейинки иштин алкагында Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен мыйзамсыз акча алган туруктуу коррупциялык схема уюштурган деген шек менен кармалганы кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG