Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:09

Бишкек шаардык милициясынын башчысы иштен бошотулду


Бакыт Матмусаев.
Бакыт Матмусаев.

Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын окуясы боюнча иликтөөдөн кийин Ички иштер тармагындагы бир катар жетекчилер кызматынан бошотулду.

ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитовдун маалыматына караганда, алар өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерди так аткарбагандыгы үчүн ишинен алынды.

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун 9-апрелдеги буйругуна ылайык, Бишкек ШИИББнын башчысы Бакыт Матмусаев, анын коомдук коопсуздук боюнча орун басары Эрлан Атантаев, Бишкек ШИИБнин Тергөө кызматынын башчысы Нурлан Утемисов кызматынан бошотулду.

Булардан тышкары министрдин буйругу менен Биринчи май РИИБнүн башчысы Акылбек Казакеев, орун басарлары Искен Базаркулов, Кубан Суранчиев, Айбек Озубеков, тергөөчүлөр жана нөөмөтчү кызматкерлер иштен алынды.

Кызматтан бошотулгандардын катарында Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) эки нөөмөтчү кызматкери да бар.

ИИМдин алдындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ), Биринчи май РИИБнүн жана Чүй облустук ОИИБнин бир нече кызматкерлерине “кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү”, "катуу сөгүш" берилди.

Жалпысынан кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен ички иштер органындагы 44 кызматкер жазаланды.

27 жаштагы Айзада Канатбекованы Бишкектин көчөсүнөн белгисиз үч адам күчтөп автоунаага салып кеткени тууралуу маалымат милицияга 5-апрелде саат 7:30 чамасында берилген. Бул учур жол боюндагы кафенин видеокамерасына түшүп калган. Тасма ошол эле күнү интернетке тараган.

Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган эркектин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган.

Шаардык милиция адам уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кыйганын билдирди. Теңизбаев Орусияда ар кандай кылмыштар үчүн үч ирет соттолуп, абакта отуруп чыкканы белгилүү болду. Айзаданын өлүмүнө байланыштуу төрт адам кармалды.

Бул окуя коомчулукта милицияга карата сынды күчөттү. Бишкек менен Ошто ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өттү.

Айзаданын өлүмүнө моралдык жоопкерчилик сезерин ички иштер министри Улан Ниязбеков 8-апрелде парламентте билдирген. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаев Айзаданын өлүмү үчүн милициянын атынан кечирим сураган. Бирок бул окуя үчүн кызматынан кетпей турганын журналисттерге билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG