Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:24

Спорт: Бишкекте дзюдо академиясы ачылды


Жаңы ачылган дзюдо академиясы. Бишкек шаары. 9-апрель, 2021-жыл.
Жаңы ачылган дзюдо академиясы. Бишкек шаары. 9-апрель, 2021-жыл.

9-апрелде Бишкекте Кыргызстандын дзюдо академиясынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Иш-чарага Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти Мариус Визер, Азия дзюдо союзунун президенти Обейд Аль Анзи, Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев катышты.

Мариус Визер Жолдошбек Көлбаевге дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатын бийик деңгээлде уюштуруп, өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди жана академиянын ачылышы менен куттуктады.

Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынын "Фейсбуктагы" барагында жаңыдан ачылган дзюдо академиясынын ачылыш аземи тууралуу чакан маалымат 9-апрелде жарыяланды.

Бул федерация Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти Мариус Визерди саал мурдараак өлкөнүн мамлекет башчысы Садыр Жапаров кабыл алгандыгын да маалымдады.

Дзюдо академиясынын имараты Кыргызстандын дзюдо федерациясы тарабынан курулду. Аянты 3700 чарчы метрге барабар академияда 8 татами жайгаштырылган.

Мында Кыргызстандын улуттук курама командасы жана дзюдо менен машыгууну каалагандар машыга алат.

9-апрелде Бишкекте Азия жана Океания чөлкөмүнүн дзюдо боюнча чемпионаты соңуна чыкты. Ага 28 өлкөдөн 195 спортчу катышты. Кыргызстан 17 дзюдочусун катыштырып, курамалардын жалпы жыйынтыогында 5-орунду ээледи. 1-орунда Түштүк Корея, 2-орунда Өзбекстан, 3-орунда Кытай жана 4-орунда Жапония болду.

Кыргызстандык Владимир Золоев Азия чемпиону болуп калды. Ал эми Кубанычбек Айбек уулу коло медалга ээ болду.

Айтмакчы, 7-апрелде Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынын президенти Көлбаев Өзбекстандын дзюдо федерациясынын президенти Азиз Камилов менен жолугушкан жана өз ара кызматташтыкты өөрчүтүү тууралуу макулдашкан. (GT)

XS
SM
MD
LG