Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:48

Дзюдо: Кубанычбек Айбек уулу Азия жана Океания чемпионатында коло байге алды


Кубанычбек Айбек уулу дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатынын чейрек финалында казакстандык спортчу Элдос Сметов менен таймашууда. 6-апрель, 2021-ж.
Кубанычбек Айбек уулу дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатынын чейрек финалында казакстандык спортчу Элдос Сметов менен таймашууда. 6-апрель, 2021-ж.

Кыргызстандык спортчу Кубанычбек Айбек уулу бүгүн, 6-апрелде Бишкекте башталган дзюдо боюнча чоңдор арасындагы Азия жана Океания чемпионатында коло байгенин ээси болду. 60 килограммга чейинки салмакта татамиге чыккан Айбек уулу 3-орун үчүн таймашта өзбекстандык Кемран Нуриллаевди жеңип алды.

Дзюдо боюнча чоңдор арасындагы Азия жана Океания чемпионаты. 6-апрель, 2021-ж. Бишкек.

Буга чейин ал эки беттеш өткөргөн. Алгач чейрек финалда дүйнө чемпиону (2015-ж.), Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси (2016-ж.), казакстандык Элдос Сметовду жеңип алган. Жарым финалда Кытай Тайбэйинин өкүлү Юнг Йанг Вэйге утулду.

Кубанычбек Айбек уулу 20 жашта. 2019-жылы дзюдо боюнча жаштар арасында Азия жана Океания чемпионатынын, Азия кубогунун күмүш байгелеринин ээси болгон.

Бул күнү Айбек уулунан сырткары дагы бир кыргыз дзюдочусу Артур Те 3-орун үчүн таймашта казак спортчусу Элдос Жумакановдон мөөрөйдү ала албай калды.

Бүгүн эркектер арасында 60 кг., 66 кг., кыз-келиндер арасында 48 кг., 52 кг. жана 57 кг., салмакта байгелер ойнотулду.

Эртең, 7-апрелде эркектер арасында 73 кг., 81 кг., кыз-келиндер арасында 63 кг., жана 70 килограммга чейинки салмакта спортчулар күч сынашат. Бул күнү Кыргызстандан Бексултан Султанов (73 кг.), Владимир Золоев (81 кг.), Ажар Исаева (63 кг.) жана Айжан Кадырбекова (63 кг.) татамиге чыгат.

Дзюдо боюнча чоңдор арасындагы Азия жана Океания чемпионаты 9-апрелге чейин уланат. Таймаштар «Газпром балдарга» дене тарбия – ден соолук чыңдоо комплексинде өтүп жатат. Мелдешке катышуу үчүн 28 мамлекеттен 195 спортчу келген. Алар 15 топтом медаль үчүн күч сынашат. Кыргызстандын намысын 17 спортчу коргойт.

Мелдештин расмий ачылыш аземи бүгүн, 6-апрелде биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков, Азиянын дзюдо бирлигинин президенти Обайд Аль Анзи баш болгон бир катар расмий өкүлдөрдүн катышуусунда өттү. Чемпионатты КТРК Спорт каналы түз эфирде көрсөтүүдө. (ECh)

XS
SM
MD
LG