Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:43

“Азаттыктын” кабарчылары социалдык сынакта биринчи орунду алышты


Кундуз Сырдыбаева жана Айгерим Акылбекова. (солдон оңго карай)
Кундуз Сырдыбаева жана Айгерим Акылбекова. (солдон оңго карай)

Кыргызстандагы журналисттер менен блогерлер арасында өткөн “Стереотиптерсиз жашоо!” жана “Ийгиликтүү айылдык айым” деп аталган социалдык сынакта “Азаттык” радиосунун кабарчылары Айгерим Акылбекова жана Кундуз Сырдыбаева 1-орунду алышты.

Сынакка Айгерим Акылбекованын "Мага дем берген Кайратым", ал эми Кундуз Сырдыбаеванын “Марат тарткан мыкты сүрөттөр” деп аталган материалдары жөнөтүлгөн.

Сынак майыптар, айылдагы аялдарга карата терс түшүнүктөрдү жоюу, укуктук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана медиа аркылуу аларга карата позитивдүү образ жаратуу максатында уюштурулган. Ал кыргыз өкмөтүнүн, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “Кыргызстанда укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун колдоосу менен уюштурулган.

Сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи 6-апрелде Бишкекте өттү. (TSh)

XS
SM
MD
LG