Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:39

Азия жана Океания чемпионатына кыргызстандык 17 дзюдочу катышат


Кыргызстандын дзюдо боюнча эркектер курама командасынын мүчөлөрү.
Кыргызстандын дзюдо боюнча эркектер курама командасынын мүчөлөрү.

Бишкекте 6-апрелде баштала турган дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатына катыша турган Кыргызстандын улуттук курама командасынын тизмеси белгилүү болду. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин сайтында дүйшөмбүдө жарыяланган маалыматка караганда, өлкө намысын 17 спортчу коргойт. Толук тизме менен төмөндө тааныша аласыздар.

Дзюдо боюнча Кыргызстандын эркектер курама командасынын мүчөлөрү:

Кубанычбек Айбек уулу, КР спорт чебери, 60 кг;

Отар Бестаев, эл аралык класстагы спорт чебери, 60 кг;

Артур Те, эл аралык класстагы спорт чебери, 66 кг;

Байбол Саламат уулу, спорт чеберлигине талапкер (КМС), 66 кг;

Бексултан Султанов, КР спорт чебери, 73 кг;

Владимир Золоев, эл аралык класстагы спорт чебери, 81 кг;

Эрлан Шеров, спорт чебери, 90 кг;

Юрий Краковецкий, эл аралык класстагы спорт чебери, +100 кг;

Бекболот Токтогонов, эл аралык класстагы спорт чебери, + 100 кг.

Кыз-келиндер курама командасынын мүчөлөрү:

Айсулуу Мусакунова, КР спорт чебери, 48 кг;

Жанар Жолдошева, КР спорт чебери, 48 кг;

Сауле Алмазова, КР спорт чебери, 52 кг;

Адина Кочконбаева, КР спорт чебери, 57 кг;

Ксения Бельдягина, КР спорт чебери, 57 кг;

Ажар Исаева, КР спорт чебери, 63 кг;

Айжан Кадырбекова, КР спорт чебери, 63 кг;

Нагира Сарбашова, эл аралык класстагы спорт чебери, +78 кг.

Дзюдо боюнча Азиянын жана Океаниянын чемпионаты 9-апрелге чейин уланат.

4-апрелде Бишкекте Азиянын дзюдо бирлигинин президенти Обайд Аль Анзинин катышуусунда уюмдун кезексиз жыйыны өттү. Анда чемпионатка даярдыктын жүрүшү талкууланды. Бул мелдешке 31 өлкөдөн 200дөн ашуун спортчу катышат. Алар 15 топтом медаль үчүн күч сынашат. Таймаштар Бишкектеги «Газпром балдарга» дене тарбия – ден соолук чыңдоо комплексинде өтөт.

Азиянын дзюдо бирлигинин конгресси. 5-апрель, 2021-ж.

Чемпионат Эл аралык дзюдо федерациясынын талабына ылайык көрүүчүлөрсүз, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өтөт. Таймаштардын жүрүшүн КТРК Спорт телеканалы түз алып көрсөтөт. Ошондой эле Бишкек шаарынын айланасындагы сейил бактарда чоң LED экрандары бар көрүү аянтчалары уюштурулат. (ECh)

XS
SM
MD
LG