Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:51

Бишкекте дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионаты башталды


 Сүрөттө 66 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан дзюдочулар Кац Натан (Автралия) жана Байбол Саламат уулу (Кыргызстан). 6-апрель, 2021-ж. Бишкек.
Сүрөттө 66 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан дзюдочулар Кац Натан (Автралия) жана Байбол Саламат уулу (Кыргызстан). 6-апрель, 2021-ж. Бишкек.

Бүгүн - 6-апрелде Бишкектеги «Газпром балдарга» дене тарбия – ден соолук чыңдоо комплексинде дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионаты башталды.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдиргендей мелдешке 28 мамлекеттен 195 спортчу катышууда. Алар 15 топтом медаль үчүн күч сынашат. Кыргызстандын намысын 17 спортчу коргойт.

Биринчи мелдеш күнүндө эркектер арасында 60 кг., 66 кг. жана кыз-келиндер арасында 48 кг., 52 кг., 57 кг., салмактарда байге ойнотулат. Бул күнү Кыргызстандан тогуз спортчу татамиге чыкты. Алардын арасынан коло байге үчүн Кубанычбек Айбек уулу жана Артур Тё коло байге үчүн күч сынашат. 60 килограммга чейинки салмакта татамиге чыккан Кубанычбек Айбек уулу чейрек финалда дүйнө чемпиону (2015-ж.), Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси (2016-ж.), казакстандык Элдос Сметовду жеңип алды. Жарым финалда Кытай Тайбэйинин өкүлү Юнг Йанг Вэйге жеңилди. Алдыда 3-орун үчүн өзбекстандык Кемран Нуриллаев менен күрөшөт. Кубанычбек Айбек уулу 20 жашта. Дзюдо боюнча жаштар арасында Азия жана Океания чемпионатынын, Азия кубогунун күмүш байгелеринин ээси.

66 килограммга чейинки салмакта Кыргызстандын намысын коргогон Артур Те чейрек финалда түштүк кореялык Лимхван Кимге жеңилди. Атаандашы финалга чыккандыктан Артурга жооткотуучу беттешке чыгууга жол ачылды. Бул беттеште кыргыз дзюдочусу Кытай Тайбэйинин спортчусу Минг Йен Цайды жеңди. Алдыда казакстандык Элдос Жумаканов менен коло байге үчүн кармашат. Финалдык беттештер саат 17:00гө белгиленген.

Чемпионаттын расмий ачылыш аземи Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталды. Чемпионат 9-апрелге чейин уланат. Таймаштардын жүрүшүн КТРК Спорт каналы түз эфирде көрсөтүүдө. (ECh)

XS
SM
MD
LG