Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:11

Бектурганов: Эрежелер сакталбай, вирус жайылып жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирустун кайрадан күч алышына беткап режими менен аралыктын сакталбашы, той-аш, жапырт көңүл ачуучу иш-чаралар себеп болууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов 6-апрелдеги брифингде билдирди.

Анын айтымында, эпидемиологиялык абал боюнча Кыргызстан атайын аймактарга бөлүнгөн. Азыр Бишкек шаары "кызыл", Чүй облусу "сары" аймакка кирди.

«Калган алты аймак азырынча "жашыл зонада" турат», - деди Бектурганов.

Министрликтин жаңы эсебине ылайык, пандемия башталган 2020-жылдын март айынан тартып вирустан кайтыш болгондордун жалпы саны 1509 кишиге жетти. Оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 89 277 кишини түздү. Анын 85 388и айыкты.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы былтыр июль айында курчуп, көп кишинин өмүрүн алган. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан.

Акыркы күндөрдө өлкөдө илдетке чалдыккандар айыккандардан кыйла көп болууда. Күн сайын расмий каттоого алынган бейтаптардын саны 100дөн ашып жатат. Оору жугузуп алгандар негизинен Бишкек менен Чүйдө көп катталууда. (NT)

XS
SM
MD
LG