Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:56

Бишкек: Аймактык шайлоо комиссиясы эки партияга эскертүү берди


Бишкек шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы шайлоого катышып жаткан «Ишеним» саясий партиясына кат түрүндө эскертүү берди. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, «Ынтымак» партиясы муниципиалдык паркка көчөт тиккен. Аймактык шайлоо комиссиясы бул иш-чарада кайрымдуулук белгилери бар жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузат деп тапты.

Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 4-апрелдеги жыйынында «Ата-Журт Кыргызстан» партиясына да ушундай эле тартипте эскертүү берилди. Партия санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди бузуп Жеңиш аянтында концерттик иш-чара өткөргөн.

Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

Ушул эле күнү президенттик башкарууга багытталган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлат. Референдумду өткөрүү үчүн 2 483 шайлоо тилкеси ачылды. Анын 48и чет мамлекеттерде. Ал эми шайлоого 2 273 тилке ачылды. (BTo)

XS
SM
MD
LG