Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 04:19

Шаардык сот Тилекмат Кудайберген уулун абакта калтырды


Тилекмат Кудайберген уулунун тарапташтары сот имаратынын жанында. 2021-жылдын, 6-апрели.

Бишкек шаардык соту 6-апрелде активист Тилекмат Кудайберген уулунун (Куренов) бөгөт чарасын карап, аны 15-апрелге чейин абакта калтыруу тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу сот жараянында болгон активист Эрлан Бекчоро уулу “Азаттыкка” маалымдады.

Анын айтымында, ушул тушта Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Кудайберген уулун колдогон парламент депутаты Рыскелди Момбеков, саясатчы Жеңиш Молдокматов баштаган жарандык активисттер сот имаратынын алдына чогулду. Алар активисттин бошотулушун талап кылып, “Тилекматка боштондук” деп кыйкырып турушту.

Кудайберген уулуна Жазык кодексинин 310-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») жана 264-беренесине («Массалык баш аламандыктар») ылайык айып коюлган. Укук коргоо органдары анын "Фейсбуктагы" баракчасындагы билдирүүсүндө "бийликти кулатууга чакырыктар бар" деп тапкан жана активист 15-мартта камакка алынган.

Бишкектин Свердлов райондук соту 16-мартта активисттин бөгөт чарасын жабык карап, бир айга тергөө абагына камакка алган. Ал сот залынан милиция кызматкерлеринин коштоосунда чыгып баратып ошол күнү ачкачылык баштай турганын айткан. Кийин ал ачкачылык акциясын токтоткону белгилүү болгон.

9-мартта башкалаада Конституциянын жаңы долбооруна каршы өткөн тынчтык митингин Кудайберген уулу алып барган. Мындан көп өтпөй анын үйү жана ал мүчө болгон «Ханституцияга каршы» борборунун кеңсесинде тинтүү жүргүзүлгөн. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG