Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:11

Бишкектин деталдуу планына корогон акча боюнча кылмыш иши козголот


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин 6-апрелдеги жыйынында Бишкектин башкы жана деталдуу планы, курулуш маселелери талкууланды.

Транспорт, архитектура, курулуш жана байланыш министрлигинин "Долбоорлоо" институтунун башкы архитектору Азирет Акимов жыйында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, башкалаанын деталдуу планына акчанын коротулушуна байланыштуу прокуратура кылмыш ишин козгой турганын билдирди. Анын айтымында, азыр шаардык прокуратура деталдуу планга корогон акча боюнча териштирүү жүргүзүп жатат.

Быйыл 27-январда Бишкектин Административдик соту шаардык кеңештин деталдык пландоо долбоору боюнча токтомун жараксыз деп тапкан.

Аны четке агуу өтүнүчү менен активисттер сотко кайрылып, көпкө созулган териштирүүлөрдөн кийин жана алардын арызы канааттандырылган. Азыр ал долбоор иштебей турат.

Деталдуу пландын долбоору 7 жылдык талаш-тартыштан кийин 2019-жылы декабрда кабыл алынып, бир жыл гана иштеди.

Бишкектин 2006-жылы кабыл алынган он жылдык башкы планы боюнча шаарда бир адамга 25 чарчы метр жашыл аймак туура келиши керек болчу, азыр бул көрсөткүч төрт гана чарчы метрди түзүүдө. (NT)

XS
SM
MD
LG