Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:43

Чек ара: Чечмедеги соңку чырды эки тарап талкуулайт


Сох менен чектешкен Чечме айылындагы чатак. Архив. 31-май, 2020-жыл.
Сох менен чектешкен Чечме айылындагы чатак. Архив. 31-май, 2020-жыл.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Чечме аймагында 5-апрелде орун алганы окуяны Баткен облусунун Кадамжай районунун акими менен коңшу мамлекеттеги Сох районунун башчысы талкуулайт. Бул тууралуу Кадамжай районунун акиминин милдетин аткаруучу Абдуманап Жакбаров “Азаттыкка” маалымдады.

“Эч кандай чатак болгон жок. Өзүбүздүн аймакта, өткөн жылы тополоң болгон жерде жыгачтан коюлган корук бар. Ошол корук бекем болсун деп биздикилер бак отургузушкан. Алар чечилбеген аймакка бак тикпегиле деп каршы болушкан. Азыр Сохтун акими менен сүйлөшкөнү бара жатам”, - деди.

2020-жылы 31-майда эки өлкөнүн тургундары булактын айынан жаңжалдашкан. Эки тараптан ондогон адам жабыркаганы кабарланган.

Кыргызстандын аймагында анклав болуп жайгашкан Өзбекстандын Сох районунда 80 миңдей киши жашайт. Өткөн айда Ташкентте чек арага байланыштуу эки тараптуу жолугушуулар өткөн. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев анын натыйжасында кыргыз-өзбек чек арасы 100% чечилгенин жарыялаган. (JsA/TSh)

XS
SM
MD
LG