Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 02:21

Ташиев: Чечме боюнча чечим кабыл алынган жок


Камчыбек Ташиев. 26-март, 2021-жыл. Бишкек.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы, кыргыз-өзбек чек арасындагы Чечме булагы боюнча аягына чейин бир чечим кабыл алынган жок.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 30-мартта Ош облусунун Өзгөн районунун эли менен жолугушууда билдирди.

"Кадамжай районунун Бирлик айылында Чечме деген булак бар. Билесиздер, былтыр ошол жерде чоң жаңжал чыгып, эки эл кагылышып кеткен. Ошол боюнча аягына чейин чечим кабыл алынган жок. Бүгүн барып көрүп келдим, Чечме булак эки сотых жер экен. Бирок ата-бабаларыбыздан калган, жогору жагында алардын мүрзөлөрү бар экен. Ачык айтканда, биз макулдашууга келе алган жокпуз. Эки сотых жер, тегерегин кошкондо 1 гектардай болуш керек. Бирок 1 гектардай жерди, эки сотых булакты макулдашпай калдык деп, башка жерди таштап кое алган жокпуз. Башка жакты бүтүрүп кое берели. Кудай буйруса, ал жак да бүтөт. Кудайдын айткан күнү бүтөөр акыры. Ошого аны ошол бойдон калтырдык. Башка точкалардын баары бүттү ", - деди Ташиев.

Былтыр 31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын жашоочуларынын ортосунда булак талаштын айынан жаңжал чыккан. Эки тараптан ондогон кишилер жабыркаганы кабарланган.

Кыргызстандын аймагында анклав болуп жайгашкан Сох районунда 80 миңдей киши жашайт.

Камчыбек Ташиев менен өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн түштүк аймактарын кыдырып жүрүшөт.

Кыргызстандын өкмөттүк делегациясы өткөн аптада Өзбекстанда үч күндүк сапар менен болуп, чек ара боюнча эки тараптуу жыйындарга катышкан. Сапардан кийин, 26-мартта Ташиев маалымат жыйын куруп, кыргыз-өзбек чек арасы 100% чечилгенин жарыялаган. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG