Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды


Сыймык Жапыкеев.
Сыймык Жапыкеев.

Өкмөттүн буйругу менен жоюлган Финансы полициясынын мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка башкы прокурор Курманкул Зулушев 30-мартта кол койду. Маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады.

Буга чейин Зулушевдин Жапыкеев тууралуу буйругунун көчүрмөсү интернетте тараган.

Быйыл февралда премьер-министрлик кызматка Улукбек Марипов келгенде өкмөттүн курамындагы мекемелер 48ден 16га азайтылган. Анын ичинде октябрь айындагы митингдин модераторлорунун бири болгон Сыймык Жапыкеев жетектеген Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) жоюлган.

Жапыкеев бул орунга 2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин келген болчу.

Марттын этегинде ал президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен «Финансы полициясынын генерал-майору» деген жогорку наам алганын жарыялаган. Президенттин маалымат кызматы бул тууралуу расмий кабарлаган эмес. Коомдук талкуудан кийин мамлекеттик органдардын кызматкерлерине бериле турган чиндердин жана атайын наамдардын тизмесинде Сыймык Жапыкеев бар экенин бышыктаган.

Жапыкеев былтыркы октябрь окуяларынан кийин бир нече күн Башкы прокуратурага кирип, мекемени жетектөөгө аракет кылган. Анын жана Башкы прокуратура кызматкерлеринин ортосунда тирешүү болгону кабарланган.

Былтыр 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон ондон ашык саясий партия Бишкекте митинг уюштуруп, акция башаламандык менен аяктаган жана өлкөдө бийлик күтүүсүздөн алмашкан.

Сыймык Жапыкеев бийлик алмашканга чейин азыркы президент Садыр Жапаровду колдоп жүргөн. (NT)

XS
SM
MD
LG