Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:25

Быйыл коронавируска каршы күрөшкө эки миллиард сом каралды


Иллюстрациялык сүрөт. Кыргыз тыйындары.
Иллюстрациялык сүрөт. Кыргыз тыйындары.

Экономика жана финансы министрлиги 2021-жылы коронавирус пандемиясынын кесепетин жоюуга 2 миллиард 400 миллион сом бөлөт. Мекеменин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, бул каражат негизинен эпидемиологиялык абал курчуп кеткен учурдагы күтүлбөгөн чыгымдарга багытталган.

Мындан сырткары кыргыз өкмөтүнүн буйругуна ылайык, оору очогунда иштеген медициналык кызматкерлерге кенемте төлөп берүүгө Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигине 500 миллион сом бөлүнөт.

2020-жылы коронавируска каршы күрөшкө жана бюджетти колдоого Кыргызстанга эл аралык донорлордон 774 миллион 433 миңдей доллар келери маалымдалган. Анын 177 миллион доллары грант, калгандары насыя болору айтылган.

Өкмөт былтыр жыл этегинде жалпы эл аралык жардамдын 347 миллиондой доллары алынганын кабарлаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG