Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:11

Түркия: референдумга катышуу үчүн кыргызстандыктар уруксат алды


Анкарадагы элчиликте жана Стамбулдагы Башкы консулдукта эки шайлоо тилкеси ачылат
Анкарадагы элчиликте жана Стамбулдагы Башкы консулдукта эки шайлоо тилкеси ачылат

Бул тууралуу Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги билдирди. Ага ылайык, 11-апрелде өтө турган референдумга консулдук каттоого өткөн кыргызстандыктарга шайлоо тилкесине барууга уруксат алынды.

Анкарадагы элчиликте жана Стамбулдагы Башкы консулдукта эки шайлоо тилкеси ачылат. Бул эки тилкеде жалпысынан 1532 шайлоочу катталган. Алардын 701и Анкарада, 831и Стамбулдагы башкы консулдукта катталган.

Коронавирус пандемиясындагы чектөөлөрдөн улам Түркияда дем алыш күндөрү коменданттык саат киргизилген. Ошондой эле кечки саат 21.00дөн таңкы саат 05.00гө чейин өлкө боюнча көчөгө чыгууга тыюу салынган.

83 миллион калкы бар Түркияда, 5-апрелде Түркияда COVID-19дан көз жумган бейтаптардын саны 32 456 кишиге жетти. Вирус жугузуп алгандар 3,5 миллон адамдан ашты. (ElB)

XS
SM
MD
LG