Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:17

«Ата-Журт Кыргызстандын» талапкери тууралуу Ташиевге арыз жолдонду  


Ош шаары.
Ош шаары.

Ош шаарынын айрым тургундары «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын талапкери Болотбек Баетов коркутуп жатканын айтып Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышты.

Алар тараткан видео кайрылууда Баетов Ташиев менен жолукканын, анын коммандасы менен шайлоого баратканын айтып, «Ата-Журт Кыргызстандын» пайдасына иштөөнү талап кылган:

"Мага келип, коркутуп жүрөт. "Мен сени УКМКга берем, Ошто жашатпайм" деп айтат. Неберем менен тең бала келип алып коркута берсе, эшигиме кароол коюп койсо, бул эмнеси? Мага ушуну чечип берсеңиз", -деген тасмадагы тургундардын бири.

Баевтов видео кайрылууда айтылган сөздөрдү четке какты жана мындай дооматтардан улам милицияга арыз жазганын билдирди:

"Каралоо эле болуп атат. Бул кишилер менен жолуккан дагы, аларды коркуткан дагы эмесмин. Менин аброюму талапкер, адам катары да шек келтирип жатышат".

Ош милициясы видео кайрылуу менен Баетовдун арызына байланыштуу териштирүү баштады. Ташиев арыздануу тууралуу үн ката элек.

Буга чейин социалдык тармактарда «Ташиевдин бийликчил командасы менен шайлоого бара жатам» деген ат менен тымызын жаздырылып алынган аудио тасма жарыяланган. Анда «Ата-Журт Кыргызстандын» тизмеси менен шайлоого бараткан Болотбек Баетов бейтааныш адам менен шайлоого даярдык тууралуу сүйлөшүп жатканын угууга болот. Талапкер видеону монтаж деп атап, аны каралоо аракети катары сыпаттаган.

11-апрелде Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары тандалат. Үгүт өнөктүгү 12-мартта башталды. Ош шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн 9 партиядан 707 талапкер катталган. (DU)

XS
SM
MD
LG