Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:08

Кыргызстанда Жуманазаровдун рекорду жаңылана элек


Сатымкул Жуманазаров.
Сатымкул Жуманазаров.

Мындан 40 жыл мурун Москвада өткөн (СССР) XXII Олимпиада оюндарында жеңил атлетика боюнча коло медалдын ээси болгон Сатымкул Жуманазаров тирүү болсо быйыл 69 жашка чыкмак.

Жуманазаров СССРдин тарыхында биринчи жолу марафон боюнча Олимпиаданын коло байгесин камсыз кылган алгачкы спортчу болгон жана анын көрсөткүчүн Кыргызстанда эч бир спортчу кайталай элек.

1980-жылы 1-август күнү Москвадагы Олимпиада оюндарынын 42 чакырым 195 метр аралыктагы марафону өтүп, ага 43 өлкөнүн жеңил атлеттери катышкан.

СССРдин намысын коргоп Европа чемпиону Леонид Мосеев, СССРдин чемпиону Владимир Котов, СССРдин биринчилигинин күмүш медалынын ээси Сатымкул Жуманазаров кирген команда жарышка чыккан. Алардын арасынан Жуманазаров мара сызыгын 3-болуп басып, СССР тарыхында алгачкы жолу марафон боюнча Олимпиаданын коло байгесин алган. Ал 42 чакырым 195 метр аралыкты эки саат 11 мүнөт 16 секундада чуркап өткөн.

Сатымкул Жуманазаров марафон учурунда. Москва. 1-август, 1980-жыл.
Сатымкул Жуманазаров марафон учурунда. Москва. 1-август, 1980-жыл.

Журналист, «Кыргыз Республикасы Олимпиаданын санжыргалуу жолунда» аттуу китептин автору Кабыл Макешов Жуманазаров Олимпиаданын алтын медалын алууга мүмкүнчүлүгү бар спортчу болгонун айтты:

Кабыл Макешов.
Кабыл Макешов.

«Олимпиаданын алдында Советтер Союзунун 800дөн ашык жеңил атлеттери марафонго катышып, ошондо Сатымкул Жуманазаров марага экинчи болуп келген. Ал эми анын командалашы Владимир Котов биринчи болгон. Алар СССРдин курама командасы болуп Олимпиадага катышкан. Ошол кездеги СССРдин Жеңил атлетика федерациясынын президенти марафонго катышып жаткан Сатымкул менен Владимирге жарыш алдында «Европа чемпиону Леонид Моисеевди коштоп жүрөсүңөр, андан ашпайсыңар» деп тапшырма берген. Ошол кезде советтик идеология өтө күчтүү болчу. Жетекчилердин айтканы мыйзам болуп эсептелчү. Жарышта Сатымкул Жуманазаров Леонид Мосеевди коштоп 35 чакырымга чейин чуркап келген. Анын шайы кеткен учурда да таштап кетпей, футболкасын карматып чуркап келген. Такыр алдан тайганда гана өзү чуркаганга аргасыз болгон. Эгер ошондо аны кылчактап карабай, убакытты туура пайдаланганда мара сызыгына биринчи келип, Олимпиада чемпиону болууга толук мүмкүнчүлүгү бар болчу. Муну далай адистер азыркыга чейин айтып жүрөт».

Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан жөө күлүк Сатымкул Жуманазаров 1951-жылы 17-сентябрда Кара-Буура районунун Жоон-Дөбө айылында туулган. Жашынан эле спортко аралашканы менен 1969-жылдан тартып тааныла баштаган. Машыктыруучусу Виктор Борисов Сатымкулду райондук, облустук, республикалык мелдештерде көрүп, кийинчерээк өз карамагына алган.

Жуманазаров 1974-жылы «Правда» гезитинин байгесине арналган бүткүл союздук мелдештин финалында 14 чакырым аралыкка чуркоодо 2-орунга жеткен. Ал СССРдин чемпионатында 10 чакырым аралыкка чуркоодо бир нече жолу коло жана күмүш медалдарга ээ болгон.

1977-80-жылдары өткөн СССР чемпионаттарында бир нече ирет күмүш медалдарды уткан. Жапонияда, Германияда, Грекияда, Чилиде, Финляндияда өткөрүлгөн эл аралык гран-при марафондук жарыштарда да жеңиштерге жетишкен.

СССР - АКШ жолдоштук беттешүүлөрүндө 1000 метрге чуркоодо марага озуп биринчи келген. Сатымкул Жуманазаровду спорт коомчулугу ХХ кылымдын эң мыкты жөө күлүгү деп атап, сый-урмат көрсөткөн. Анын чоң спорттогу жогорку жетишкендиги Москва Олимпиадасындагы коло байгеси болуп саналат.

Спорт ардагери, Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынын баш катчысы Иван Щербаков азыркы күнгө чейин Жуманазаровдун рекорду жаңылана элек экенин айтып буларга токтолду:

«Анын Олимпиада оюндарында марафондогу эки саат 11 мүнөт 16 секунда көрсөткүчүн Кыргызстанда азыркы күнгө чейин эч бир спортчу кайталай элек. Ал спортчу катары абдан эмгекчил болчу. Советтер Союзундагы жеңил атлетика боюнча лидер спортчулардын бири эле. Ал кезде СССРдин курама командасына кирүү абдан кыйын болчу. Анткени атаандаштык өтө жогору эле. 15 республиканын ичинен эң мыктылар гана тандалып алынчу. Учурда Кыргызстанда мыкты жеңил атлеттер болгону менен, Сатымкулдай жогорку көрсөткүчтөргө жете турган спортчулар жокко эсе».

Жуманазаров Олимпиада оюндарынан кийин да бир катар мелдештерге катышып, ийгиликтерге жеткен. Анын спорттук карьерасынын жыйынтыкталышы СССР кулаган учурга туш келген.

Спортчунун аялы Сүйүн Жуманазарова күйөөсү тууралуу буларды эскерди:

«Ал спортту таштагандан кийин эле Советтер Союзу да жоюлду. Кыйынчылык заманга туш келдик. Ошол учурда аябай кыйналдык. Эч кандай жардам болгон жок. Балдарды машыктырып жүргөн менен мамлекеттен колдоо болбосо, жакшы спортчу чыкпайт тура. Ошол кезде жаш спортчулар үчүн окуу-машыгуу өтпөй, спортко көңүл бурулбай калган. Ошентсе деле машыктыруучу болуп иштеп жүрдү. Анын тажрыйбасы, эмгеги толук колдонулбай калды. Азыр эми аны эскерип жыл сайын эл аралык марафон өтүп турат».

Сатымкул Жуманазаровго спорттогу жетишкендиктери үчүн СССРдин спорт чебери, СССрдин эл аралык даражадагы спорт чебери жана СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери наамдары ыйгарылган. Андан сырткары «Эл достугу», «Ардак белгиси» ордендери жана «Даңк» медалы менен сыйланган. Кыргызстандан чыккан жөө күлүк Сатымкул Жуманазаров 2007-жылы 56 жашында кырсыктан каза болгон.

1980-жылы өткөн Москва Олимпиадасында кыргызстандык беш спортчу: Александр Мелентьев (тапанчадан ок атуу, 581 упай, жаңы дүйнөлүк рекорд), Каныбек Осмоналиев ( 52 кг, оор атлетика), Татьяна Колпакова (жеңил атлетика, узундукка секирүүдө 706 см. бийиктикти багындырып Олимпиаданын жаңы рекордун белгилеген), Александр Блинов (ат спортчусу), Николай Чернецкий (жеңил атлетика, эстафета 400 м х 4) Олимпиада чемпиону болушса, эки спортчу Александр Абушахметов (фехтование) жана Сатымкул Жуманазаров (марафондук чуркоо) коло медалды тагынышкан. Бул кыргыз спортчулары Олимпиада оюндарында көрсөткөн эң жогорку жетишкендик бойдон калууда.

Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон бери азырынча Олимп оюндарынын төрт байгесине ээ болду. 2000-жылы Сиднейде өткөн Олимпиадада дзюдочу Айдын Смагулов коло медаль тагынса, 2008-жылы грек-рим күрөшүнүн балбандары Канат Бегалиев күмүш жана Руслан Түмөнбаев коло байге уткан. Ал эми балбан Базар Базаргуруевге Бээжинде күмүш медалды уткан украиналык Виталий Федоришиндин канынан кызытма табылган соң, тогуз жылдан кийин Олимпиаданын коло байгеси ыйгарылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG