Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:59

Мелентьев кыргыз спортунун жылдызы эле


Александр Мелентьев.
Александр Мелентьев.

16-февралда Москва олимпиадасынын чемпиону Мелентьев Александр Реммович оорудан улам 61 жашында жарык дүйнө менен коштошту. Ал тапанчадан ок атуу боюнча 1980-жылдагы Москва олимпиадасында алтын медал тагынган. Командалык мелдештерде 8 жолу дүйнөнүн, 7 жолу Европанын чемпиону болгон.

Александр Мелентьев 1954-жылдын 27-июнунда Пенза шаарында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун аяктагандан кийин ок атуучулардын “Динамо” (Фрунзе) командасынын намысын коргоп, мелдештерге катышкан.

Тапанчадан ок атуу боюнча командалык мелдеште сегиз жолу дүйнөнүн, жети жолу Европанын чемпиону болгон. Эки ирет Европа чемпиондугунун күмүш медалын алган. СССР чемпиондугун 13 жолу жеңген. 1980-жылы Москва шаарында өткөн олимпиада оюндарында 50 метр аралыктан тапанчадан ок атууда мүмкүн болгон 600 упайдан 581 упай топтогон. Муну менен дүйнөлүк рекорд коюп, олимпиаданын алтын медалын тагынган. Улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов Мелентьевдин алтын байгеси кыргыз тарыхындагы алгачкы олимпиада медалы болгондугун айтты:

- Кыргыз спортчуларынын эң чоң жетишкендиги 1980-жылы болгон. Олимпиада оюндарындагы алгачкы алтын медалды Александр Мелентьев алып келген. Андан кийин оор атлетчи Каныбек Осмоналиев, жеңил атлетчилер Татьяна Колпакова менен Николай Чернецкий, ат спорту боюнча Александр Блинов олимпиада чемпиону болушкан. Советтик марафончулардан алгачкы болуп Сатымкул Жуманазаров коло медал тагынган.

Александр Мелентьев Москва Олимпиадасында. 1980-ж.
Александр Мелентьев Москва Олимпиадасында. 1980-ж.

​Александр Мелентьев ок атуу боюнча жеке жана командалык эсепте СССРдин, Европанын жана дүйнөлүк рекорддордун ээси болгон. Ага таандык Москва олимпиадасындагы рекорд 34 жылдан кийин гана жаңырды. 2014-жылы ок атуу боюнча дүйнө чемпиондугунда Түштүк Кореялык Жинг Жонг О мүмкүн болгон 600 упайдан 583 упай алып жаңы рекорддун чегин белгиледи.

Мелентьев спорттогу карьерасын жыйынтыктагандан кийин 1990-жылдары АКШга иштегени кеткен. Ал жактан Кыргызстанга эки жыл мурда кайтып келген.

Акыркы убактарда Бишкектеги ооруканалардын биринде дарыланып жаткан. Спорт ардагерлер кеңешинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген ишмер Мамыт Акеров:

- Акыркы жолу ардагерлердин майрамына чакырсам, "Мамыт Акерович ооруп жатам кечирип коюңуз, бара албайм" деп айткан эле. Балдары Президенттин иш башкармалыгына караштуу Ден соолукту чыңдоо жана калыбына келтирүү борборунан дарылатууга аракет кылышкан экен. Эмгек сиңирген спорт чебери деген күбөлүгүн жоготуп жибергендиги үчүн ал жакка кабыл албай коюшуптур. Баласы бизге келип тиешелүү документтерди чогултуп жүргөн. Документтерин алып барганча эле каза болуп калыптыр.

Чоң спортто бир катар ийгиликтерди багынтып, СССРдин, Европанын, дүйнөнүн чемпиондуктарын бир нече жолу утуп, олимпиада чемпиону болгон даңазалуу спортчунун артында мол тажрыйбасын үйрөнгөн шакирттери калбаганы өкүнүчтүү дейт Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов.

- Өз кесиби боюнча машыктыруучу болуп иштөөгө жана шакирттерди тарбиялоого үлгүргөн жок. Үйрөтө турган маалында материалдык муктаждык айынан Америкага иштеп кетти.Топтогон тажрыйбасын жаш муун менен бөлүшө албады. Кыргызстанга кайтып келгенде да тапанчадан ок атуу боюнча секциялар жоюлуп кеткендиктен иштей алган эмес. Ага кошумча үй бүлөлүк себептерден улам дагы шакирттерди тарбиялоого мүмкүнчүлүгү жок болсо керек деп ойлоп калам.

Александр Мелентьев АКШдан Кыргызстанга кайткандан кийин Улуттук олимпиада комитетинин алтын ордени менен сыйланган.

Чоң спорттогу жетишкен ийгиликтеринин натыйжасында өз учурунда СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери жана эл аралык класстагы спорт чебери наамдарын алган.

P/S. Кыргыз спортчулары Александр Мелентьевдин ийгилигин Москва олимпиадасынан кийин 1988-жылы кайталашкан. Ал жылы Сеул шаарында жеңил атлетчи Мария Кулчунова жана Фрунзенин “Алга” футболдук клубунун оюнчусу Сергей Фокин СССР курамында Олимпиада чемпиону болгон. 1992-жылы Барселонада өткөн Олимпиадада гандболчу Талант Дүйшөбаев менен баскетболчу Елена Баранова чемпион болушкан. Эгемендик алгандан кийин 2008-жылы Бээжин олимпиадасында балбандар Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев күмүш, коло байгени мекенине алып келишкен.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG