Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:27

Олимпиадага жол: марафончу Мария


Мария Коробицкая.
Мария Коробицкая.

“Азаттык” радиосу “Олимпиадага жол” аталышындагы түрмөктү улантат. Бул жолу жеңил атлет Мария Коробицкая тууралуу айтып беребиз. Мария Жапониянын Токио шаарында өтө турган жайкы Олимп оюндарына былтыр Ташкентте өткөн эл аралык марафондо жолдомо алган.

Мария Коробицкая 2020-жылдын аягында Кыргызстанга алтынчы олимпиадалык жолдомону тартуулады.

Ал 2020-жылы 6-декабрда Ташкент шаарында өткөн Ташкент эл аралык марафонунда олимпиадалык нормативди аткарган. Аталган марафондо Мария 42 чакырым 195 метр аралыкты 2 саат 26 мүнөт 42 секундада чуркап өтүп, марага биринчи жеткен. Ал марафондун баш байгесин утуу менен бирге Олимп оюндарына да жолдомо алды.

Жөө күлүк олимпиадалык жолдомо тууралуу буларга токтолду.

Мария Коробицкая.
Мария Коробицкая.

“2019-жылы Амстердамда өткөн эл аралык марафондо олимпиадалык нормативди аткаруу үчүн мелдешке катышкам. Тилекке каршы олимпиадалык нормативди аткаруу үчүн мага ошондо болгону бир мүнөт жетпей калган... Мен аябай капа болгом. Эсиңиздердеби? Ошол маалда, декабрь айында Дарья Маслова олимпиадалык нормативди толтурган. Мен анын астында ноябрда жарышка чыккам. Пандемия маалында мелдештерге катышкан жокпуз. Ошого карабай машыгуумду улантып, акыры Ташкентте өткөн марафондо жарышка чыгып, олимпиадага жолдомо утуп алдым”.

Белгилей кетсек марафондо олимпиадалык норматив - 2 саат 29 мүнөт 30 секунданы түзөт. 42 чакырым 195 метр аралыкты мына ушул убакыт ичинде чуркап, марага келген спортчуларга гана олимпиадалык жолдомо берилет.

Мария Кыргызстанга марафондон олимпиадалык жолдомо алып келген үчүнчү жеңил атлет. Ага чейин жөө күлүктөр Юлия Андреева менен Дарья Маслова да марафондон жарышка чыгып, олимпиадалык жолдомону утуп алышкан.

Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынын баш катчысы Иван Щербаков Мария Коробицкаяны өжөр спортчу деп сыпаттады.

“Мария олимпиада оюндарына катышуу үчүн максат коюп, ага жетүү үчүн аябай машыгып, акыры олимпиадалык жолдомону утуп алды. Мария бала төрөп, кайра спортко кайткан жеңил атлеттердин бири. Анткени көпчүлүк спортчу кыздар турмуш куруп, балалуу болгондон кийин спортту такыр эле таштап салат. Мария анткен жок. Баласын кээде эле машыгууга алып келбесе, калган учурда ата-энесине таштап машыгуусун улантып келет”.

Мария ушуну менен Олимп оюндарына экинчи жолу катышканы жатат. Ал 2014-жылы тун уулун төрөгөндөн көп өтпөй спортко кайтып, бир жарым жылдан кийин Бразилияда өткөн олимп оюндарында марафондон жарышка чыккан.

Мария Коробицкая уулу Кирилл менен.
Мария Коробицкая уулу Кирилл менен.

Мария Коробицкая Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү, Кыргызстандын көп жолку чемпиону. Эл аралык класстагы спорт чебери. Учурда 30 жашта. 13 жашынан баштап чоң спортко кадам таштаган. Алгач жеңил атлетикадан кыска аралыктарга жарышка чыгып жүргөн. Спортчу өзүнүн спорттук карьерасынын экиге бөлүп карайт.

“Жеңил атлетика менен 13 жашымдан бери машыгып келем. 2003-жылы баштагам. Спортко эжекем алып келген эле. Өзү да машыгып жүрчү. Мени “чогуу машыгалы” деп чакыра берчү. Мен макул болчу эмесмин. Биринчи машыктыруучум Татьяна Михайловна да чакыра бергендиктен спортко келип, машыгып калгам. Быйыл спортто жүргөнүмө 18 жыл болот. Алгач кыска аралыктарга: 1500, 800, 3000 метр чуркачумун. Студенттик жылдарда 5, 10 чакырым аралыктарга чуркап жүрдүм. 2010-жылы машыктыруучум Виктор Борисовдун колуна өтүп марафонго жарышка чыга баштадым. 2011-жылы алгачкы жолу марафондо чуркадым. Ошондо 21 жашта элем. Виктор Борисовдун колунда 2016-жылга чейин машыктым. Олимпиада оюндарына да катыштым. 2017-жылдан бери орусиялык машыктыруучум Борис Андреевичтин колунда машыгып жатам”, - деди Мария Коробицкая.

Мария 18 жылдык спорттук карьерасында 20дан ашык эл аралык мелдештерде байгелүү орундарга жеткен. Биз анын спорттогу айрым жетишкендиктерине токтолсок.

Мария Коробицкая 2011-жылы алгачкы жолу марафонго катышып, бир жылдан кийин АКШнын Жексонвиль шаарында өткөн эл аралык марафондо 1-орунду ээлеген. 2013-жылы Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакованын байгесине арналган жеңил атлетика боюнча Бишкекте өткөн эл аралык мелдеште баш байгенин ээси болгон.

2015-жылы Орусияда өткөн XXVI Сибирь эл аралык марафонунда 3-орунду ээлеген. 2016-жылы Дүйшөмбү жарым марафонунда 4-орунду ээлеп, ушул эле жылы Рио-де-Жанейро шаарында өткөн жайкы Олимпиада оюндарына катышкан.

2017-жыл жеңил атлет үчүн жемиштүү болгон. Бул жылы Мария үч эл аралык марафондо жеңүүчү аталган. Алар: Караганда жарым марафону (Казакстан), Бишкек жарым марафону (Кыргызстан) жана Run the slik road эл аралык марафону (Кыргызстан).

2018-жылы спортчу кыз Индонезиянын Жакарта шаарында өткөн жайкы Азия оюндарында Кыргызстандын намысын талашкан.

2019-жылы Мария Коробицкая Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакованын байгесине арналган жеңил атлетика боюнча Бишкекте өткөн эл аралык мелдеште баш байгенин ээси болгон.

Андан соң Taule-Morlaix эл аралык жарым марафонуна (Морле, Франция) катышып 3-орунду ээлесе, Бишкекте өткөн Kara-Bulak Trail Fest тоо жарым жана «Илбирсти сактап калалы» марафонунда биринчи орундарды ээлеген. 2019-жылды спортчу Франциянын Сен-Дени шаарында өткөн La Voie Royale (St. Denis) эл аралык жарым марафонунда 4-орунду ээлеп жыйынтыктаган.

Мария Коробицкая мара сызыгын басып өтүп жаткан чагы. 6-декабрь, 2020-жыл. Ташкент шаары. (Сүрөт Өзбекстандын Жеңил атлетика федерациясына таандык).
Мария Коробицкая мара сызыгын басып өтүп жаткан чагы. 6-декабрь, 2020-жыл. Ташкент шаары. (Сүрөт Өзбекстандын Жеңил атлетика федерациясына таандык).

Ал эми 2020-жылы пандемия маалында II эл аралык Ташкент марафонуна (Өзбекстан) катышып, 1-орунду ээлеп, аны менен катар 2021-жылы Жапонияда өтө турчу жайкы Олимпиада оюндарына жолдомону утуп алды.

Ушуну менен Мария Коробицкая олимпиада оюндарына экинчи ирет катышканы турат. 2016-жылы ал Рио-де Жанейродо өткөн жайкы олимпиада оюндарына катышып, 94-орунду ээлеген. Анын ошондогу олимпиадалык марафондогу көрсөткүчү - 2 саат 47 мүнөт 53 секунданы түзгөн.

"Мен негизи эле өз рекордумду жаңылап, андан сырткары Кыргызстандагы жеңил атлетика боюнча бир катар рекорддорду жаңыласам деген ниетим бар. Албетте, Жапонияда өтө турган олимпиадалык марафондо беш мыкты атлеттин катарына кирсем жакшы болмок", - деди Мария алдыдагы максаттары менен бөлүшүп жатып.

Мариянын жолдошу Илья Тяпкин да спортчу. Ал дагы жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү. Азия оюндарынын, Олимп оюндарынын катышуучусу. Илья жубайы тууралуу буларга токтолду.

“Мария аябай эмгекчил. Спорттогу бардык жетишкендиктерине талыкпаган эмгектин арты менен жетти. Азыр Мария Кыргызстандагы алдыңкы спортчу кыздардын бири. Боорукер, назик жубай жана абдан мыкты кожойке. Тамактарды даамдуу жасайт. Мыкты эне. Экөөбүз улуубуз Кириллди чоңойтуп жатабыз. Машыгуудагы кыйынчылыктарга карабай мага да, баласына да дайыма убакыт таап, бизге жакшы көңүл бурат. Мария экөөбүз 2012-жылы таанышканбыз. Мен ошол жылы Виктор Борисовдун группасына өтүп, биринчи күндөн баштап эле жакын достордон болуп кеттик. Кийинчерээк ал достук сүйүүгө айланды. Азыр экөөбүз дайыма чогуу мелдештерге катышып, чогуу машыгып келебиз”.

Мария Коробицкая жолдошу Илья Тяпкин жана уулу Кирилл менен.
Мария Коробицкая жолдошу Илья Тяпкин жана уулу Кирилл менен.

Жубайлар дайыма чогуу машыгып, дээрлик бардык жарыштарга чогуу катышып келет. Жада калса 2016-жылы Бразилияда өткөн олимпиада оюндарына да чогуу катышкан. Анда Илья мырзалар арасында, Мария кыз-келиндер арасында марафондон жарышка чыгышкан.

“Биз дайыма биргебиз. Менде “аялым тиги мелдешти утуп алды, мен утулуп калдым” деген нерсе жок. Мен тескерисинче, Мария жеңишке жетсе аябай кубанам. Биз дайыма бири-бирибизди колдоп, алкап турабыз. Мен спортто ийгилик жаратпай калсам да Марияны дайыма колдоп турам. Уулубуз кичинекей болгондо да биз кезектешип чуркап, кезектешип машыкчубуз. “Сен энесиң, баланы өзүң кара, үйдө отур” деген ой менде такыр болгон эмес. Үй жумуштарын дагы чогуу жасайбыз. Тамакты чогуу жасап, идиш жууган, үй жыйнаган мага эч кандай түйшүк жаратпай".

Албетте спортто оор күндөр болот. Кээде жеңилип ызаланасың. Бирок мунун баарын мен машыктыруучу менен кеңешип, чечип алам. Себеби анын үй-бүлөмө, жубайыма эч кандай тиешеси жок. Мария жарышка чыкканда колдоп турам. Тилекке каршы марафондон жарыштар бирдей башталгандыктан экөөбүз чогуу чуркаганга туура келет. Мен алдыга чыгып кеткенде Мария кандай чуркап келе жатат болду экен деп сарсанаа боло берем. Албетте, мен марага биринчи келсем, дароо эле трассага кайра чыгып, Марияны коштоп чуркап, колдоп, кеңештеримди берип, атаандашы кандай чуркап келе жатканы тууралуу кабар берип турам”.

Мария Коробицкая Олимп оюндарында ийгиликке жетүү үчүн учурда Бишкекте машыгып жатат.

Жайкы Олимп оюндарында марафон шосседе өткөн жалгыз спорттук иш-чара. Эркектер арасындагы жарыштар 1896-жылдан бери өткөрүлүп келсе, 90 жылга жакын убакыттан кийин кыз-келиндер арасында да байгелер ойнотула баштаган. Ушул кезге чейин кыз-келиндер арасында тогуз жолу Олимп оюндарынын байге ээлери аныкталган.

Кыз-келиндер арасындагы олимпиадалык марафон. ХХХI жайкы Олимп оюндары. Рио-де-Жанейро. 2016-жыл.

Кыз-келиндер арасындагы марафондук жарышта Олимпиадалык рекорд эфиопиялык Тики Геланага таандык. Ал 2012-жылы Лондондо өткөн Олимпиадада 42 чакырым 195 метр аралыкты 2 саат 23 мүнөт 7 секунд ( 2:23:07) аралыгында чуркап өтүп, чемпион болуу менен бирге жогорку чекти белгилеген. Ал эми учурдагы Олимпиада чемпиону кениялык Жемима Желагат Сумгонгдун 2016-жылы Рио-де-Жанейродогу көрсөткүчү Тики Гелананын көрсөткүчүнөн 97 секунда артта(2:24:04).

Бул эки көрсөткүчтү салыштырганда Олимп оюндарынын байгесине жетүү үчүн Марияга дагы 2 мүнөт 40 секунда ылдамыраак чуркоого туура келет. Мариянын акыркы көрсөткүчү - 2:26:42 түзөт (Ташкент. 2020-жыл, 6-декабрь.).

XS
SM
MD
LG