Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:01

Пандемиядан улам быйыл Кыргызстанда 4 миңден ашуун иш-чара өтпөй калды


Жапониянын Олимпиада комитетинин баш кеңсесинин маңдайында. 2020-жылдын 24-марты.
Жапониянын Олимпиада комитетинин баш кеңсесинин маңдайында. 2020-жылдын 24-марты.

2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстанда төрт миңден ашуун спорттук иш-чаралар өтпөй калган. Бул тууралуу Жаштар, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Канат Шабданбаев спортчуларды сыйлоо аземинде билдирди. Анын ичинде республикалык, эл аралык чемпионаттар жана мелдештер бар.

Шабданбаев 2021-жыл кыргызстандык спортчулар үчүн ийгиликтүү жыл болушун каалап, спортчулар жетишкен ийгиликтердин артында тоодой эмгеги турган машыктыруучуларды белгиледи:

«Машыктыруучулардын тынымсыз эмгеги жана баа жеткис салымы үчүн терең таазим! Сиздердин чеберчилигиңиздер менен биздин спортчулар Токио Олимпиадасында да көп ийгиликтерге жетишет, биздин өлкөнүн гимни жаңырат деп ишенебиз».

COVID-19 вирусу 2019-жылы декабрда Кытайдын Ухань шаарында алгач катталып, тез эле дүйнө жүзүн каптады. Эл аралык каттамдар чектелип, дүйнөлүк иш-чаралар негизинен онлайн форматка өттү. 2020-жылы август айында Токио шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндары 2021-жылга жылдырылган. Токио Олимпиадасын бир жылга кечеңдетүүнүн айынан анын уюштуруучулары 2 миллиард АКШ доллары өлчөмүндө кошумча чыгымга кабылганы кабарланды.

30-декабрдагы маалыматтарга ылайык, дүйнөдө СOVID-19 оорусуна 81 миллиондон көп киши чалдыкты, бир миллион 770 миң киши вирустан каза тапты.

Кыргызстанда аталган илдетке чалдыккан үч киши алгачкы жолу 18-мартта катталган. 23-марттан тартып жалпы өлкөдө карантиндик чектөөлөр киргизилген. 30-декабрга карата жалпы ооруга чалдыккандардын саны 80 843 адамга жетти, 75 624 адам сакайды. Илдеттен жалпы 1354 адам көз жумду. (ZKo)

XS
SM
MD
LG