Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:27

Хорватияда катуу жер титирөө болду


Петриня шаары жер титирүүдөн кийин. 29-декабрь, 2020-жыл.
Петриня шаары жер титирүүдөн кийин. 29-декабрь, 2020-жыл.

Хорватияда шейшембиде экинчи күн катары менен жер катуу силкинип, бир катар калктуу конуштарда, анын ичинде өлкөнүн баш калаасы Загреб шаарында имараттар зыянга учурады.

Европадагы жер ортолук деңиз сейсмикалык борбору 6,3 баллдык жер титирөө Загребден түштүк-чыгышты көздөй 46 чакырым алыстыкта катталганын билдирди. Ошол эле маалда Немис изилдөө борбору 6,4 баллдык жер силкинүү 10 чакырымдык тереңдикте болгонун билдирди.

N1 телеканалы Загребдин акимчилигинин өкүлүнө шилтеме кылып, кырсыктан 12 жаштагы кыз көз жумганын кабарлады. Петриня жана ага коңшулаш жайгашкан Сисак шаарларында жабыркагандар көп экенин жергиликтүү «Тез жардам» кызматынын башчысы Томислав Фабиянич билдирди. Анын айтымында, жабыркагандар түрдүү жаракаттарды алып, айрымдарына операция да жасалды.

Словениянын STA маалымат агенттиги бийлик алдын-алуу чарасы катары өлкөдөгү жалгыз атомдук электр станциянын ишин убактылуу токтотууну чечкенин жазды. Станция силкинүүнүн очогунан 100 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Алгачкы маалыматтарга ылайык, зилзаладан улам үйлөрдүн чатырлары, дубалдары зыянга учураса, айрым турак жайлар толугу менен урап калган. Жергиликтүү басылмалар жер титирөө бардык Балкан өлкөлөрүндө, коңшу Сербияда, Словенияда, Босния жана Герцеговинада да сезилгенин жазышты.

Маалыматтарга караганда, Загребдин бир бөлүгүндө электр жарыгы өчүп, үйлөрүнөн качып чыккан тургундардын көбү көчөлөрдө калууда.

RFE/RL радиосунун балкан кызматы белгилегендей, Хорватияда бир күн мурда да жер катуу силкинген.

XS
SM
MD
LG