Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:40

УКМК: Бишкектин мурдагы вице-мэри жемкорлук үчүн кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Мирлан Амантуров коррупцияга шектүү катары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Атайын кызматтын 30-декабрдагы маалыматына караганда, ал мэрия менен «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын ортосундагы коррупциялык схемага тиешеси бар деп шек саналууда.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы ал өзүнө караштуу ишкана аркылуу шаардын жолдорун оңдоо жана куруу иштери боюнча мамлекеттик сатып алууда жемкорлукка барган деп эсептейт.

Атайын кызмат билдиргендей, 2015-2019-жылдары Амантуров менен байланышы бар компанияларга 100 миллион сомдон ашык суммага муниципалдык буюртмалар берилип турган жана ошол акчанын бир бөлүгүн ал өзүнө алып жүргөн. Ошондуктан, УКМК белгилегендей, мэрия каржылоону өз убагында жүргүзгөнүнө карабастан жумуш толук аткарылбай келген.

Амантуров өзү же анын жактоочулары бул боюнча азырынча комментарий бере элек.

Ал 2007-жылдан бери «Бишкекасфальтсервис» ишканасын жетектеп келген жана 2019-жылы мэриянын турак жай, коммуналдык чарба маселелери боюнча вице-мэри болуп дайындалган.

Быйыл парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атынан катышып, талапкерлер тизмесинде 41-катарда болгон. 30-июлда вице-мэр болуп турганда ал «Мекеним Кыргызстандын» эсебине 35 миң сом салган. 21-августта кызматтан кеткен. Мамлекеттик кызматта иштеп жатканда партияга акчалай жардам бергени тууралуу ал: «Мыйзам бузулган жок. Акча которсом аны өз атымдан котордум. Конституциялык укугум бар» деп айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG