Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:19

Акыркы суткада дагы төрт медицина кызматкерине коронавирус жукту


Улуттук фтизиатрия борборунун коронавирус менен алышкан дарыгерлери. Иллюстрациялык сүрөт.
Улуттук фтизиатрия борборунун коронавирус менен алышкан дарыгерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

Алардын бири вирусту Таластагы ооруканалардын бириндеги «кызыл аймактан» жугузган. Республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, 30-декабрга карата стационарда дарыланып жаткан үч, үй карантининен алты медицина кызматкери чыгарылып, ишине кайтты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 4112 медицина кызматкери катталган, алардын ичинен 3910 медкызматкер сакайды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 10-декабрга чейин коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин 608ине 200 миң сомдон кенемте төлөнүп берилди. Андан тышкары COVID-19 вирусун жумуштан жугузуп алып каза болгон медицина кызматкерлеринин арасынан 30унун үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон кенемте төлөндү. Дагы 148 саламаттык сактоо кызматкерине жана каза болгон эки медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө компенсация төлөш үчүн документтер даярдалып жатканы кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG