Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:19

Прокуратура: Ала-Букада айыл ɵкмɵт мамлекетке 17 млн. сом зыян келтирген


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облустук прокуратурасы Ала-Бука районуна караштуу Кɵк-Таш айыл ɵкмɵтүндɵ бир катар мыйзам бузуу фактыларын аныктады.

Башкы көзөмөл органынын расмий сайтындагы маалыматка караганда, айыл ɵкмɵттүн кызмат адамдары айрым жеке ишкерлер менен сүйлɵшүп алып, кɵпүрɵ, жол жана башка объектилерди курууда атайылап ашыкча суммаларды кɵрсɵтүшкɵн. Натыйжада мамлекетке 17 млн. 279 миң 755 сом зыян келтирилген.

Бул факт боюнча Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине тогуз сотко чейинки териштирүү иши катталды.

Ишти андан ары иликтөө Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) Жалал-Абад облустук башкармалыгына тапшырылды. (BTo)

XS
SM
MD
LG