Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Кытайда ууландырылган миллиардердин өлүмү иликтенүүдө


«Тактылар оюну» сериалы.
«Тактылар оюну» сериалы.

Шанхай полициясы 39 жаштагы миллиардер Линь Цинин өлүмү боюнча тергөө иштерин баштады. Баштапкы версия боюнча 25-декабрда каза болгон ишкер ууландырылган.

Ци видео оюндарды иштеп чыгуу менен алектенген «Yoozoo» компаниясына ээлик кылат. Компания популярдуу «Тактылар оюну» сериалынын негизинде иштелип чыккан «Тактылар оюну: кышка аз калды» деген видео оюну менен белгилүү.

«Hurun Report» уюмунун рейтингине ылайык, Цинин байлыгы 1,3 миллиард долларга жетет. Ал 16-декабрда уулануунун белгилери менен Шанхай ооруканасына жаткан. Ишкер дарыгерлерге өзү барган. 25-декабрда абалы кескин начарлап, каза болуп калган. Полиция анын өлүмүн «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча иликтеп жатат.

Ал ортодо жергиликтүү «Цайсинь» бизнес-журналы жашыруун булактарына таянып, шектүү «Yoozoo» компаниясынын кызматкери экенин, ал кармалганын жазды.

XS
SM
MD
LG